Дареги: Бишкек шаары, Игембердиев к., 1а, Аврора бизнес борбору, 4-кабат, 410-кеңсе, тел.: 0312 963600, 0999 963600 office@investment.kg

Күн тартиби 2011-жылдын 16-февралы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумунун
Күн тартиби

 

Отурумдун өткөрүү датасы жана убактысы:
2011-жылдын 16-февралы
10:00-11:30
Отурумдун өткөрүү орду:
КР Өкмөт Үйүнүн
Чарчы залы

1. Кеңештин төрагасы, КР Премьер-министри А. Атамбаевдин кириш сөзү.

2. Борбордук Азия боюнча ЕРӨБдун (ЕБРР) директору М.Хонманын саламдашуу сөзү.

3. 2010-жылдын 11-ноябрындагы Кеңештин экинчи отурумунун чечимдерин ишке ашыруу жөнүндө маалымат – Кеңештин катчысы Т. Койчуманов.

4. Зергердик тармактын өнүгүүсү – КР Зергерлер ассоциациясынын башкы директору Ч. Макешов, КР Экономикалык жөнгө салуу министри У. Ташбаев.

5. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин өркүндөтүү - Эл аралык ишкерлер кеңешинин мүчөсү Г. Каликова, КР Экономикалык жөнгө салуу министри У. Ташбаев.

6. Салыктык администрациялоону өркүндөтүү:
а) салыктарды төлөбөө тобокелдигин баалоо механизмдерин киргизүү – КРӨ караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Б. Аширов, “КР ишкердик чөйрөсүнө көмөк көрсөтүү” МФК долбоорунун директору В. Паевский.

б) эл аралык практикага ылайык салыктык отчеттуулукту өркүндөтүү – Бизнес-ассоциациялар улуттук альянсынын секретариатынын жетекчиси, Салык консультанттар палатасынын төрайымы Т. Ким, КРӨ караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Б. Аширов.

7. Айыл чарба аянттарын кайра бөлүштүрүү Фондунун жерлерин пайдалануу Стратегиясын ишке ашыруунун жүрүшү жана айыл чарбалык багыттагы жерлерге ипотека механизмдерин киргизүүгө байланыштуу кырдаал жөнүндө – «Жер-Азыгы» Кыргызстандагы Агробизнесмендер Ассоциациясынын аткаруучу директору А. Юлдашева, КР Айыл чарба министри Т. Беков.

8. Башка маселелер.

9. Кеңештин чечиминин долбоору жөнүндө - Кеңештин төрагасы, КР Президенти А. Атамбаевдин жыйынтыктоочу сөзү.