Дареги: Бишкек шаары, Игембердиев к., 1а, Аврора бизнес борбору, 4-кабат, 410-кеңсе, тел.: 0312 963600, 0999 963600 office@investment.kg

Күн тартиби 2010-жылдын 11-ноябры

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумунун
Күн тартиби

 

Отурумдун өткөрүү датасы жана убактысы:
2010-жылдын 11-ноябры
10:00-11:30
Отурумдун өткөрүү орду:
КР Өкмөт Үйүнүн
Чарчы залы

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин төрайымы, КР Президенти Р.Отунбаеванын кириш сөзү.

2. 2010-жылдын 27-августундагы Кеңештин биринчи отурумунун чечимдерин ишке ашыруу жөнүндө – Кеңештин катчысы Т. Койчуманов.

3. Тоо-кен казуу тармагында ачык-айкындуулукту камсыз кылуу үчүн коомдук контролду жүргүзүү механизмдери жөнүндө – КР Жаратылыш ресурстары министринин орун басары Л. Оселедько, Эл аралык ишкерлер кеңешинин Тоо-кен комитетинин мүчөсү Ф. Хьюстон.

4. Инвестицияларды алдыга жылдыруу боюнча агенттикти түзүү жөнүндө – КР Экономикалык жөнгө салуу министри Э. Үмөталиев, “Туруктуу экономикалык өнүгүүгө көмөк көрсөтүү” ГТЦ (GTZ) долбоорунун жетекчиси Р. Майснер.

пайдаланууга киргизүүнүн жүрүшү тууралуу – Кыргызстандагы Ишкерлер союзунун аткаруучу директору Ч. Макешов, “Тышкы соода чөйрөсүндө “Бирдиктүү терезе” Борбору” мамлекеттик ишкананын башкы директору К. Жакыпов.

6. Салык мыйзамдарын аткаруу жаатындагы сот өндүрүшүн өркүндөтүү жана салыктык укук бузууларга таасир кылуучу чараларды өзгөртүү жөнүндө Бизнес-ассоциациялар улуттук альянсынын секретариатынын жетекчиси, Салык консультанттар палатасынын төрайымы Т. Ким, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы А. Касымалиев.

7. Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча зарыл уюштуруу маселелери жөнүндө – Улуу Жибек Жолу туризм ассоциациясынын президенти В. Комиссаров, КР Экономикалык жөнгө салуу министри Э. Үмөталиев. ,

8. Башка маселелер. 2010-2011-жылга Кеңештин Иш планын бекитүү.

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин чечимдеринин долбоору жөнүндө Кеңештин төрайымы, Кыргыз Республикасынын Президенти Р. Отунбаеванын жыйынтыктоочу сөзү.