Дареги: Бишкек шаары, Игембердиев к., 1а, Аврора бизнес борбору, 4-кабат, 410-кеңсе, тел.: 0312 963600, 0999 963600 office@investment.kg

Жалпы маалыматтар

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

ТОКТОМ

2022-жылдын 16-майы № 253

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңеш жөнүндө

Бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу, инвестициялык климатты, ишкердик субъекттеринин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча кызыкдар тараптардын ишин координациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1316 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңештин жана Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча кеңештин базасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңеш түзүлсүн.
  2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңеш жөнүндө жоботиркемеге ылайык бекитилсин.
  3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

       1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-августундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңеш жөнүндө" токтому;

       2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 36 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-августундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу бизнести өнүктүрүү жана                   инвестициялар боюнча Кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

       3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 261 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

       4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-июнундагы № 328 "Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча кеңешти түзүү жөнүндө" токтому.

       4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинети Төрагасы

А.У. Жапаров 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңеш жөнүндө
ЖОБО

1. Жалпы жоболор

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңеш (мындан ары - Кеңеш) өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн тездетүүгө жетишүү үчүн бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү (мындан ары - МЖӨ) өнүктүрүү, инвесторлордун жана ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоо боюнча мамлекет менен бизнес-коомчулуктун ортосунда натыйжалуу диалогду камсыз кылуучу, туруктуу иш алып баруучу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
  2. Кеңештин ишинин негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

          - ачыктык жана калыстык;

          - чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда бизнес-коомчулуктун пикирин эсепке алуу;

          - даярдалуучу чечимдердин негиздүүлүгү;

          - Кеңештин мүчөлөрүнүн тең укуктуулугу;

          - акыркы натыйжага көңүл буруу.

       3. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын,                     ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

2. Кеңештин максаты жана милдеттери

 

  1. Кеңештин максаты бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуу, мамлекеттик жеке өнөктөштүк механизмин өнүктүрүү жана ишкердик субъекттерин укуктук коргоо механизмдерин өркүндөтүү маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен бизнес-коомчулуктун ортосунда туруктуу диалогду жана өз ара аракеттенүүнү түзүү болуп саналат.
  2. Кеңештин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

          1) бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча мамлекет менен бизнес-коомчулуктун ортосунда системалуу натыйжалуу диалогду камсыз кылуу;

          2) бизнес-чөйрөнү, инвестициялык климатты жакшыртуу, МЖӨ саясатын жана колдонуу механизмдерин ишке ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына                                сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгуу;

          3) ишкердик, инвестиция жана МЖӨ чөйрөсүндө бирдиктүү макулдашылган мамлекеттик саясатты түзүүгө көмөк көрсөтүү;

          4) Кеңештин сунуштамаларынын ишке ашырылышына туруктуу мониторинг, талдоо жана баалоо жүргүзүү.

3. Кеңештин ыйгарым укуктары

 

  1. Кеңештин ыйгарым укуктары:

          1) МЖӨ алкагында бизнес-чөйрөнү жакшыртуу, өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жана бизнести илгерилетүү үчүн сунуштарды иштеп чыгуу;

          2) ишкердик, инвестиция жана МЖӨ чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга экспертиза жүргүзүү, ошондой эле аларды өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды даярдоо;

          3) Кыргыз Республикасында бизнес-чөйрөнү жакшыртуу, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу жана МЖӨ өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштамаларды киргизүү;

          4) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жана башкалардын демилгеси боюнча өзүнүн жыйналыштарында Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча тиешелүү                маалыматтарды угуу;

          5) Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү сунуштарды киргизүү жана алардын аткарылышынын жүрүшүнө мониторинг ;

          6) каралып жаткан багыттар боюнча иш-чаралардын аткарылышынын жүрүшүнө эксперттик баа берүү үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдардын адистерин жана                          эксперттерди, анын ичинде эл аралык эксперттерди тартуу;

          7) МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу маселелери боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине мониторинг жүргүзүү;

          8) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишкердик субъекттеринен, коммерциялык эмес жана илимий-изилдөө уюмдарынан зарыл болгон материалдарды белгиленген               тартипте суроо;

          9) Кеңештин кабыл алынган чечимдеринин аткарылышын баалоого мониторинг жүргүзүү системасын бекитүү;

         10) эффективдүүлүктүн жана натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн пайдалануу менен Кеңештин катчылыгынын кызматкерлеринин ишине баа берүү системасын түзүү;

          11) Кыргыз Республикасында бизнес жүргүзүү, инвестицияларды тартуу, ишкердик субъекттерин колдоо жана өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана МЖӨнү натыйжалуу өнүктүрүү үчүн зарыл болгон башка ыйгарым                    укуктар.

4. Кеңештин Төрагасы жана анын мүчөлөрү

 

  1. Кеңештин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы саналат.
  2. Кеңештин курамына төмөнкүлөр кирет:

         1) кызмат орду боюнча:

             - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын экономика жана финансы маселелерин тейлеген биринчи орун басары, Кеңештин төрагасынын орун басары;

             - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

              - экономиканы өнүктүрүү жана ишкердикти колдоо, бюджет жана финансы чөйрөсүндөгү, инвестицияларды тартуу маселеси боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилери;

              - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын реформаларга мониторинг жүргүзүү, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн                        жетекчилери;

              - мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун координациялоо боюнча органдын жетекчиси;

              - ишкердиктин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчыларын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам (Бизнес-омбудсмен - макулдашуу боюнча);

              - Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

              - Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча колдоо көрсөтүүчү өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн эки өкүлү (макулдашуу боюнча);

              - ушул Жободо белгиленген жол-жоболорго ылайык бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча);

               - Кеңештин катчысы.

  1. Кеңештин катчысын кошпогондо, Кеңештин мүчөлөрү анын ишине коомдук башталышта катышат.
  2. Мамлекеттик органдардын өкүлү болбогон Кеңештин мүчөлөрүн шайлоо жол-жобосу төмөнкү жоболордун негизинде жүргүзүлөт:

              - өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр өнүктүрүү боюнча көп тараптуу жана эки тараптуу эл аралык өнөктөштөрдөн алар тарабынан белгиленген тартипте ротациялык негизде өз өкүлдөрүн сунуштайт;

              - Кеңештин катчысы Кеңештин жумушчу органынын ишин каржылаган өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштүн жол-жоболору боюнча конкурстук негизде дайындалат;

               - бизнес-коомчулук өз талапкерлерин Кеңештин катчысына берет.

    11. Кеңештин жыйналышына Кеңештин мүчөлөрү, Кеңештин кароосуна киргизилген маселелерди даярдоого түздөн-түз катышкан бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышат.

5. Кеңештин ишин уюштуруу

 

  1. Кеңештин жыйналыштары зарылчылыкка жараша Кеңештин төрагасынын чечими боюнча, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
  2. Кеңештин жыйналышы Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча жана анын катышуусу менен өткөрүлүшү мүмкүн.
  3. Кеңештин жыйналыштарын Кеңештин төрагасы өткөрөт, Кеңештин төрагасы жок учурда жыйналыштарды анын орун басары же төраганын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилген Кеңештин мүчөлөрүнүн бири өткөрөт.
  4. Кеңештин жыйналышы эгерде анын курамынын 3/2 кем эмеси катышса, ыйгарым укуктуу деп эсептелет.
  5. Кеңештин мүчөлөрүнүн сунушу боюнча Кеңештин төрагасынын чечими боюнча алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде жыйналыштар өткөрүлүшү мүмкүн.
  6. Кеңештин жыйналыштары видеоконференция байланышы аркылуу аралыктан өткөрүлүшү мүмкүн.
  7. Кеңештин күн тартиби Кеңештин катчысынын сунушу боюнча Кеңештин төрагасы тарабынан бекитилет.
  8. Каралып жаткан маселелер боюнча чечимдер Кеңештин катышып жаткан мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол түрүндө таризделет. Добуштар тең болгон учурда Кеңештин жыйналышында төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
  9. Кеңештин чечимдери кеңеш берүүчү мүнөзгө ээ.
  10. Кеңештин милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн Кеңештин эксперттик жумушчу топтору туруктуу же убактылуу негизде түзүлүшү мүмкүн. Кеңештин жумушчу топторун түзүү жөнүндө чечим Кеңештин мүчөлөрү тарабынан кабыл алынат.
  11. Кеңештин ишинин жыйынтыктары жалпыга маалымдоо каражаттарында үзгүлтүксүз чагылдырылып турат.
  12. Эксперттик жумушчу топтордун ишин каржылоо үчүн Кеңеш бюджеттен тышкаркы каражаттарды, донорлордун жана эл аралык уюмдардын гранттык жардамдарын тартууга укуктуу.
  13. Кеңештин жумушчу органы болуп Кеңештин катчылыгы саналат.
  14. Кеңештин катчылыгынын түзүмү жана штаттык ырааттамасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын экономика жана финансы маселелерин тейлеген биринчи орун басары менен макулдашуу боюнча катчы тарабынан бекитилет.
  15. Кеңештин катчылыгынын ишин каржылоо гранттык негизде өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр тарабынан жүзөгө ашырылат.
  16. Кеңештин катчылыгынын кызматкерлери ишти каржылаган, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштүн жол-жоболору боюнча конкурстук негизде шайланат.
  17. Кеңештин сунуштамаларынын жана сунуштарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнү Кеңештин катчылыгы ишке ашырат.
  18. Кеңештин өзүнүн фирмалык бланктары болот.

6. Кеңештин мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери

 

  1. Кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:

          - кеңештин жыйналыштарына катышууга, талкууланып жаткан маселелердин маңызы боюнча сунуштарды, сын-пикирлерди жана түзөтүүлөрдү киргизүүгө;

          - кеңеш тарабынан иштелип чыккан сунуштамаларды даярдоого жана ишке ашырууга катышууга;

          - кеңештин мүчөлөрүнүн милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды алууга жана алар менен таанышууга;

          - кеңештин компетенциясына кирген маселелерди талкуулоодо Кеңештин эксперттик жумушчу топторунун жыйналыштарына катышууга;

          - кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын комиссияларынын жана              жумушчу топторунун ишине катышууга;

         - кеңештин ишинин ар кандай маселеси боюнча өз пикирин эркин билдирүүгө;

         - мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылууга жана алардан Кеңештин иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды суроого.

  1. Кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:

         - кеңештин ишине, анын жумушчу органынын, Кеңештин эксперттик жумушчу топторунун ишине жана Кеңештин кабыл алынган иш пландарынын алкагында иш-чараларга жеке катышууга;

        - кеңештин жыйналыштарына катышууга, жүйөлүү себептерсиз өтүүгө жол бербөөгө;

        - кеңештин башка мүчөлөрүн Кеңештин иш пландарына ылайык алардын ишинин жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө толук маалымат берүүгө;

        - кеңештин чечимдерин жана сунуштамаларын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө.

7. Кеңештин катчысынын жана жумушчу органынын негизги функциялары

 

  1. Кеңештин катчысы төмөнкү функцияларды аткарат:

        - мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Кеңештин иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды сурайт;

        - кеңештин жыйналыштарына даярдоонун айрым маселелерин талкуулоо боюнча кеңешмелерди өткөрөт;

        - кеңештин кабыл алынган чечимдерин ишке ашырууну баалоого мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылат;

        - кеңештин баяндама каттарын даярдайт, Кеңештин сунуштамаларын кароо жөнүндө Кеңештин төрагасына жана мүчөлөрүнө маалымдайт;

        - кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жеке сектордун өкүлдөрүнүн сунуштарын жалпылайт;

        - кеңештин жыйналыштарын даярдоого катышат;

        - кеңештин катчылыгынын ишине жетекчилик кылат.

  1. Кеңештин катчылыгы төмөнкү функцияларды аткарат:

        - кеңештин ишин маалыматтык-аналитикалык камсыз кылат жана эксперттик жактан коштойт;

        - жүргүзүлүп жаткан реформаларды жана Кеңештин чечимдерин иш жүзүндө аткаруу механизмдерин ишке ашырууга практикалык жардам көрсөтөт;

        - кеңештин чечимдеринин иш жүзүндө аткарылышына, аларды ишке ашырууга терс таасирин тийгизген кемчиликтерди жана көйгөйлөрдү табууга талдоо жүргүзөт;

        - инновациялык идеяларды иштеп чыгат, Кеңештин ишинин каралып жаткан чөйрөлөрүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;

       - биринчи кезекте Кеңештин чечимдеринде каралган сунуштамаларды жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, ошондой эле тиешелүү чөйрөлөрдө жана тармактарда укук колдонуу практикасын өркүндөтүү боюнча                   сунуштарды өз убагында жана сапаттуу даярдоону камсыз кылат;

        - инвестициялык климатты жакшыртуунун жана МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу боюнча тиешелүү эл аралык тажрыйбаны Кыргыз Республикасынын шарттарында анын натыйжаларын ишке ашыруунун алгылыктуулугу жөнүндө              сунуштарды иштеп чыгуу менен туруктуу негизде изилдейт;

        - кеңештин мүчөлөрүнүн сунушу боюнча профилдик министрликтердин жана ведомстволордун деңгээлинде Кеңештин жыйналышын өткөрүүнү уюштурат жана камсыз кылат;

        - кеңештин ишинин алкагында жүргүзүлүп жаткан реформаларды ишке ашырууну камсыз кылуунун актуалдуу маселелери боюнча семинарларды, адистештирилген тренингдерди, тегерек столдорду, конференцияларды,                            симпозиумдарды жана башка иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт;

        - компетенциясынын алкагында Кеңештин мүчөлөрүнүн алдына коюлган милдеттердин негизинде башка функцияларды аткарат.

   34. Кеңештин Катчылыгы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү, экономиканы өнүктүрүү жана ишкердикти колдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет.