2023-жылдын 18-августунда Соода-өнөр жай палатасынын кеңсесинде кеңейтилген жыйын болуп, анда бизнес-коомчулуктун көйгөйлөрүнө байланыштуу маселелерди талкуулоо болуп өттү

2023-жылдын 18-августунда Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын кеңсесинде кеңейтилген жыйын болуп, анда бизнес-коомчулуктун көйгөйлөрүнө байланыштуу маселелерди талкуулоо болуп өттү.

Учурда өлкө экономикасынын приоритеттүү тармактарындагы негизги системалык көйгөйлөрдү чечүү жана аларды бизнес көз карашынан чечүүнүн жолдорун аныктоо боюнча алдын ала иштерди жүргүзүү пландаштырылууда. Талкуунун жыйынтыгы боюнча бизнес өкүлдөрү менен сурамжылоо-маектешүүнүн негизги параметрлери даярдалды.

  Жолугушуунун катышуучулары:

 - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Сариев Темир Аргембаевич.

- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Канатбек Азиз.

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин мүчөсү, Жеткирүүчүлөр (өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор) ассоциациясынын президенти Ускенбаева Гүлнара Тураровна.

- Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун өкүлү Мукамбетов Мурат Картайбекович.

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин Катчылыгынын адиси Мусабеков Алмазбек Обосбекович.