Инвестициялык кеңештин Катчылыгынын жетекчиси менен Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси жолугушуусу болуп өттү

2023-жылдын 18-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин Катчылыгынын жетекчиси У.А.Кыдырбаев менен Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин мүчөсү Сариев Т.А. жолугушуусу болуп өттү.

Бул жолугушууда КР Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин Катчылыгы менен КР Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланып, биргелешкен иштердин пландары белгиленди.