Инвестициялык Кеңештин кезектеги отуруму

2024-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы/Инвестициялык кеңештин төрагасы Жапаров Акылбек Усенбековичтин төрагалыгы алдында, бизнес-ассоциациялардын, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, мамлекеттик фонддордук, мамлекеттик банктардын өкүлдөрүнүн жана Инвестициялык кеңештин катчылыгынын катышуусу менен Инвестициялык кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү.

Отурумдун күн тартибинде бир катар маанилүү маселелер каралды, алардын ичинде:

  1. Өнүктүрүү фонддорунун жана мамлекеттик банктардын аткарган иштери жана 2024-жылга пландары жөнүндө отчеттору жөнүндө - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы, «Айыл Банк» ачык акционердик коому, «РСК Банк» ачык акционердик коому, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Өзбекстан -Кыргыз фондун өнүктүрүү жана Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду;
  2. Инвестициялык долбоорлордун каталогу жөнүндө;
  3. Инвестициялык кеңештин 2024-жылга иш планы жөнүндө.

“Өнүктүрүү фонддору менен мамлекеттик банктардын жетекчилери сиздер мамлекетке жаңы инвестиция тартууга, жаңы стандарттарды киргизүүгө милдеттүүсүздөр. Ар бириңиздер ар башка тармактагы долбоорлор менен иш алып баруудасыздар, бирок ошол эле учурда бир тармактын маселесин толук чечүүгө болот. Ал үчүн баарыңыздар биригип кайсыл тармак аксап жатса, маселен тоок этин өндүрүүдөгү долбоорлор каржыланса, бул тармакта маселе жаралбай калат, импорттун көлөмү азаят”, - деди Акылбек Жапаров. 

Кеңештин катчысы Кыдырбаев Улук Асанкарыевич аймактык кеңештерди өнүктүрүү боюнча тапшырманын алкагында 12-апрелде Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы Регионалдык Инвестициялык кеңештин жыйы болоорун маалымдап, ал иш-чарада мамлекеттин жана жеке сектордун өкүлдөрү чогулуп, региондун учурдагы жана келечектеги экономикалык прогресси тууралу талкулооролу күтүлүүсүн белгиледи.