Бухгалтерлер жана аудиторлор күнү

Урматтуу кесиптештер,
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын атынан кесиптик майрамыңыздар – Бухгалтерлер жана аудиторлор күнү менен куттуктабыз!
Бухгалтер жана аудиторлордун коомдо орду аябай чоң жана бүгүнкү күндө өлкөбүздүн эл чарбасынын бардык тармактарында бухгалтердин эсептин эл аралык стандарттары кийрилип, компьютердик технологиянын жардамында ар түрдүү программаларды кенири колдонуу менен эсеп жүргүзүлүп жатат.
Сиздердин бухгалтердик эсеп боюнча чеберчилигиңизди жана тактыгыңызды, дайыма өзгөрүп туруучу шарттарга ыңгайлашуу жөндөмүңүздү жана өлкөбүздө жагымдуу инвестициялык климатты түзүүдөгү ролуңузду жогору баалайбыз.
Ар дайым эмгегиңиз баалансып, кесиптик жолуңуз ийгиликтерге толсун. Сиздерге ден соолук, бакубатчылык жана жаңы кесиптик бийиктиктерди каалайбыз!