Алгачкы Эл аралык B5+1 форуму

Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев Алматыда өтуп жаткан алгачкы Эл аралык B5+1B форумуна катышууда. Иш-чарага Борбор Азиядан жана АКШдан 200дөн ашык эксперттер катышууда. Форум 14-15-март кундөрү өтүүдө.
Форумдун катышуучуларынын арасында алты өлкөнүн мамлекет өкүлдөрү, соода-өнөр жай палаталарынын жана бизнес-ассоциациялардын эксперттери, ЕРӨБ, Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Еврокомиссиянын өкүлдөрү, бизнес-аналитиктер жана көз карандысыз эксперттер бар.
2023-жылы сентябрда Нью-Йоркто АКШ, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын президенттери тарабынан С5+1 мамлекет башчыларынын саммитинде демилгеленген В5+1 платформасында жеке сектор жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттенүүнү тездетүү жана бекемдөө үчүн уникалдуу платформа болуп саналат. B5+1 платформасында бизнес өкүлдөрү аймактык жана глобалдык экономикалык интеграцияны чыңдоо, ошондой эле Борбор Азияны эл аралык инвестициялардын бирдиктүү рыногу катары активдүү позициялоо боюнча өз сунуштарын региондогу өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн кароосуна сунушташат.
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн эбегейсиз экономикалык потенциалы бар жана аны аймактык интеграцияны бекемдөө аркылуу ишке ашырууга болот. Чакан жана орто бизнес Борбордук Азияда социалдык-экономикалык өнүгүүнү стимулдаштырууда маанилүү роль ойнойт. Өлкөнүн жана эл аралык уюмдардын расмий маалыматтары боюнча, чакан жана орто бизнестин Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ИДПсына кошкон салымы 30 пайыздан 50 пайызга чейин жетет.