Кыргыз-өзбек ишкерлер кеңешинин 3-отуруму

12-мартта Ташкентте өткөн rыргыз-өзбек ишкерлер кеңешинин үчүнчү жыйынына кыргыз делегациясынан 40 жакын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.
Ишкерлер кеңешинин тең төрагасы, Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаевдин модерация кылган жыйында көптөгөн орчундуу маселелер каралды, анын ичинде кыргызстандык өндүрүүчүлөрдү өзбек импортерлорунун реестрине киргизүүнү тездетүү жана азык-түлүк товарларын импорттоо процедураларын оптималдаштыруу.
Улук Кыдырбаев Өзбекстан менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы байланыштарды чыңдоо үчүн биргелешкен экономикалык демилгелердин маанилүүлүгүнө токтолду. Чек арада, эки адистештирилген өткөрүү пунктун түзүү зарылчылыгын өзгөчө баса белгиленди, бири жүк ташуу үчүн, экинчиси жеңил унаалар жана жүргүнчүлөр үчүн. Кыдырбаевдин айтымында, мындай чаралар бажы жол-жоболорун жеңилдетип, тездетүүгө, логистиканы жакшыртууга, чыгымдарды жана жеткирүү мөөнөтүн кыскартууга, бизнес үчүн жагымдуу атмосфераны түзүүгө жана инвестиция тартууга жана эки өлкөнүн экономикалык прогрессине шарт түзөт.
Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын ортосундагы туризмди жана маданий карым-катнашты өнүктүрүү маселеси көтөрүлдү. Кыдырбаев эки өлкөнүн ири шаарларынын ортосундагы авиакаттамдарды кеңейтүү жана билеттердин баасын төмөндөтүү, эки тараптуу мамилелерди олуттуу түрдө бекемдешин, жарандар үчүн саякаттын жеткиликтүүлүгүн жана ыңгайлуулугун жогорулатуусун, бул өз кезегинде бизнес жана туризм тармагындагы кызматташтыкты стимулдаштыра тургандыгын белгиледи.
Ишкерлер кеңешинин келечектеги жыйындарынын күн тартибине бул демилгелерди талкуулоону киргизүү, түзүлгөн тоскоолдуктарды жоюу жана Өзбекстан менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү боюнча конкреттүү чечимдерди иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Бул экономикалык коопсуздукту гана камсыз кылбастан, аймактык интеграция жана өз ара аракеттенүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.