20-октябрда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Эл аралык ишкерлер кеңешинин кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарылчылыгы боюнча жумушчу топтун биринчи жумушчу жыйыны өттү.
Жумушчу топтун жыйынында бизнес-коомчулугунун сунуштарын эске алуу менен жана товарларды өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын кеңейтилген жоопкерчилиги институтун киргизүүнү эске алуу менен «Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максатка ылайыктуулук жөнүндө чечим кабыл алынды.
Жумушчу топтун курамына Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Эл аралык ишкерлер кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү кирет.