2023-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин Катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун (МЖӨ борбору) директору Санжар Болотовтун жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Бул жолугушууда тараптар мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) ар кандай аспектилерин, анын ичинде чакан жана ири инфраструктуралык долбоорлорго жеке инвестицияларды тартуу механизмдерин талкуулашты. Ошондой эле тараптар эки уюмдун жалпы максаттарын жана милдеттерин эске алуу менен Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Тараптар инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгууда талдоо жана тобокелдиктерди баалоо жагынан кызматташууну жана биргелешкен ишти күчөтүү боюнча макулдашышты. Ошондой эле, МЖӨ борбору жана Инвестициялык кеңештин катчылыгы өзүнчө жыйын өткөрүүгө макулдашып, анда долбоорлор жана аларды ишке ашырууда кездешкен кыйынчылыктар тууралуу презентациялар жасалат. Бул материалдар Инвестициялык кеңештин кийинки отурумдарында талкууланышы мүмкүн.
Кеңештин Катчылыгы өзүнүн диалог платформасын тиешелүү тараптарга уюштурууга ар дайым ачык жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү бекемдөөгө болгон күч-аракетин жумшай берүүнү уланта берет.