Алкоголдук эмес ичимдиктерин маркировкалоо боюнча талкуу жыйын болуп өттү

11-октябрда Инвестициялык кеңештин Катчылыгынын кеңсесинде, алкоголдук эмес ичимдиктерге товардык позициясында классификацияланган ТН ВЭД 2202 акциздик маркасын маркировкалоо боюнча Эл аралык ишкерлер кеңешинин (ЭИК) кайрылуусу боюнча маселени талкуулоого карата жыйын болуп өттү.  

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бул маселени жөнгө салуу боюнча мындан аркы иш-аракеттерди макулдашты, анын ичинде, Мамлекеттик салык кызматы жумушчу топтун мурунку отурумдарынын протоколдорун жана башка тиешелүү материалдарды Катчылыкка жөнөтөт. ЭИК бул маселе боюнча дүйнөлүк практикасын чагылдырган материалдарды катчылыкка тартуулап берет. Катчылык өз кезегинде, Инвестициялык кеңештин диалог платформасында компромисстик чечимди иштеп чыгуу боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүүнү уланта берет.

Белгилей кетчү нерсе, бир жагынан алкоголсуз суусундуктарды маркалоо дүйнөлүк практикада продукциянын келип чыгышынын мыйзамдуулугун тастыктоочу механизм болсо, экинчи жагынан маркалоо өндүрүлгөн продукциянын өздүк наркынын өсүшүнө таасирин тийгизиши мүмкүн.

Жыйынга ЭИКтин экономика жана каржы секторунун башчысы Жолдошева Чолпон, ЭИКтин өкүлү Ризаева Ширин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин башкы адиси Максутов Улукман, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын бөлүм башчысы Мамырбаева Чынара, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын бөлүм башчысы Акматов Бакыт, ошондой эле Инвестициялык кеңештин Катчылыгынын кызматкерлери катышышты.