15-декабрда Бишкек шаарында «ЭКО-Чаткал 2030: инвестициялар жана климаттык туруктуулук» аттуу улуттук форум болуп өттү. Иш-чаранын негизги уюштуруучусу Жалал-Абад облусунун Регионалдык инвестициялык кеңеши болду.
Форумдун алкагында мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, эксперттик коомчулуктун, бизнес-сектордун жана жарандык коомдун өкүлдөрү Чаткал районунда туруктуу өнүгүүнүн улуттук лейбл-пилотун ишке киргизүү, ошондой эле климаттык каржылоо механизмдерин колдонуу маселелерин талкуулашты.
Форумдун модератору Улук Кыдырбаев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин Катчылыгынын жетекчиси болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө Чаткал районун пилоттук аймак катары тандоонун илимий-аналитикалык негиздемелери, лейбл-пилоттун институттук модели, ошондой эле аны ишке ашыруунун артыкчылыктуу экономикалык багыттары - жашыл энергетика, органикалык айыл чарба, чакан жана орто бизнес, туризм жана креативдүү индустриялар боюнча сунуштар сунушталды.
Ошондой эле эл аралык климаттык каржылоо инструменттерин, анын ичинде Жашыл климаттык фонд (GCF), Глобалдык экологиялык фонд (GEF), debt-for-nature / climate swap механизмдерин, көмүртек жана биоартүрдүүлүк кредиттерин тартуу мүмкүнчүлүктөрүнө, ошондой эле ведомстволор аралык координацияны камсыздоонун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Эксперттик, институттук жана сектордук сессиялардын жыйынтыгында форумдун катышуучулары Чаткал районунда улуттук лейбл-пилотту жана климаттык каржылоо механизмдерин ишке киргизүү боюнча консолидацияланган сунушту камтыган жыйынтык резолюцияны кабыл алышты. Резолюция сунуш мүнөзүндө болуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жөнөтүлөт.
Форум мамлекеттик органдар жана эл аралык өнөктөштөр тарабынан Чаткал районун тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүнүн пилоттук модели катары өнүктүрүүгө жогорку кызыгуу бар экенин тастыктап, Жалал-Абад облусунун Регионалдык инвестициялык кеңешинин стратегиялык демилгелерди илгерилетүүдөгү негизги регионалдык платформа катары ролун дагы бир ирет белгиледи.
Кыргызча
English
Русский