Ош шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлорун ишке ашыруу маселелерине арналган бир күндүк окутуу тренинги өткөрүлдү

2025-жылдын 11-декабрында Ош шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлорун ишке ашыруу маселелерине арналган бир күндүк окутуу тренинги өткөрүлдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппаратынын жана Ош облусунун Регионалдык инвестициялык кеңешинин катышуусунда, Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялар агенттигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен кызматташтыкта уюштурулду.

Тренингдин негизги максаты мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин институционалдык жана кадрдык потенциалын жогорулатуу, ошондой эле аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин практикалык негизде колдонуу ыкмаларын калыптандыруу болду.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ташбаев Илияз Азизбекович тарабынан расмий түрдө ачылды. Өзүнүн ачылыш сөзүндө ал аймактарда экономикалык активдүүлүктү күчөтүүнүн, инвестицияларды тартуунун жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин жеринде практикалык деңгээлде ишке киргизүүнүн маанисин белгиледи. Ошондой эле мындай окутуу иш-чараларынын жыйынтыгында формалдуу отчеттор эмес, аймактардын өнүгүшүнө жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган конкреттүү демилгелер менен долбоорлор күтүлөрү өзгөчө белгиленди.

Тренингге Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын мамлекеттик жана муниципалдык органдарынын өкүлдөрү, анын ичинде жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана тиешелүү тармактык ведомстволордун кызматкерлери катышты.

Тренингдин алкагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашырууга байланыштуу төмөнкү негизги маселелер каралды:

  • Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн нормативдик-укуктук негиздери;
  • МЖӨ долбоорлорун демилгелөө, даярдоо жана ишке ашыруу тартиби;
  • долбоорлорду коштоп жүрүүдө мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ролу;
  • мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн ортосунда тобокелдиктерди бөлүштүрүү механизмдери;
  • МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруунун практикалык мисалдары.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин инвестицияларды тартуунун, инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуунун маанилүү инструменти катары колдонууга өзгөчө көңүл бурулду.

Тренингдин жыйынтыгында катышуучулар өз аймактарында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоо жана ишке ашыруу үчүн зарыл болгон практикалык билимдерге жана сунуш-көрсөтмөлөргө ээ болушту. Окутуунун жыйынтыктары социалдык-экономикалык мүнөздөгү артыкчылыктуу маселелерди чечүүгө багытталган конкреттүү МЖӨ долбоорлорун иштеп чыгуу жана демилгелөө аркылуу иш жүзүндө чагылдырылары күтүлүүдө.

Бул тренингдин өткөрүлүшү аймактык деңгээлде инвестициялык активдүүлүктү жандандыруу жана мамлекеттик органдар менен бизнес коомчулугунун өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча коюлган милдеттерди ишке ашырууда маанилүү кадам болду.

Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) каржылык колдоосу менен өткөрүлдү.