«Инвестициялык вектор: мамлекет жана бизнес» аттуу Инвестициялык форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн алдында иш алып барган Регионалдык инвестициялык кеңештердин (РИК) катчылыктары активдүү катышты.
Бүгүнкү күндө Регионалдык инвестициялык кеңештердин катчылыктары Кыргыз Республикасынын алты облусунда иш алып барып, аймактык деңгээлде бизнес менен мамлекеттик органдардын ортосундагы институционалдык диалогдун негизги элементи болуп саналат. Алардын ишмердүүлүгү инвестициялык демилгелерди коштоого, ишкерлерден түшкөн сунуштарды чогултууга жана системдештирүүгө, ошондой эле региондордо мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) механизмдерин илгерилетүүгө багытталган.
Форумдун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Асанкарыевич Кыдырбаев Регионалдык инвестициялык кеңештердин катчылыктарынын командаларына ыраазычылык каттарды тапшырып, алардын өлкө аймактарында инвестициялык диалогду өнүктүрүүгө жана ишкердик демилгелерди колдоого кошкон салымын жогору баалады.
Ошондой эле Регионалдык инвестициялык кеңештердин ишин координациялоого кошкон салымы үчүн РИКтердин түштүк аймактар боюнча координатору Мыктыбек Осмоналиевге жана түндүк аймактар боюнча координатору Абду-Салам Тайировго эстелик белектер тапшырылды.
Белгилей кетсек, Регионалдык инвестициялык кеңештер (РИК) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн алдында иш алып барат. РИКтердин катчылыктары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгы, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү жана Улуттук инвестициялар агенттигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун ортосунда түзүлгөн үч тараптуу келишимдин алкагында иш жүргүзөт. Кеңештин демилгелерин ишке ашырууда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) туруктуу колдоо көрсөтүп келет.
Кыргызча
English
Русский