Бишкек шаарында «Инвестициялык вектор: мамлекет жана бизнес» аттуу инвестициялык форум өттү

2025-жылдын 15-декабрында Бишкек шаарында “Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясында «Инвестициялык вектор: мамлекет жана бизнес» аттуу инвестициялык форум болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгы тарабынан уюштурулду.

Форум мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун, эл аралык каржы институттарынын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ортосунда ачык диалог жүргүзүү үчүн ири аянтча болуп, мамлекеттик инвестициялык саясаттын артыкчылыктуу багыттарын, инвестициялык климатты жакшыртуу механизмдерин жана мамлекет менен жеке сектордун өз ара аракеттенүүсүнүн практикалык инструменттерин талкуулоого арналды.

Форумдун расмий ачылышында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Алешович Касымалиев сөз сүйлөп, инвестиция тартуунун өлкөнүн туруктуу экономикалык өнүгүүсү үчүн стратегиялык маанисин, ошондой эле мамлекет менен бизнестин ортосундагы ишенимдин ролун белгиледи.

Иш-чаранын расмий бөлүгүндө төмөнкү жетекчилер жана өнөктөштөр сөз сүйлөштү:

  • Равшанбек Азатович Сабиров, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору;
  • Темирбек Аргембаевич Сариев, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти;
  • Улук Асанкарыевич Кыдырбаев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси;
  • Айтен Рустамова, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча регионалдык жетекчиси.

Форумдун алкагында Улук Кыдырбаев Кеңеш мамлекет менен бизнестин ортосундагы институционалдык мамлекеттик-жеке диалогдун негизги аянтчасы катары өз ишмердүүлүгүн ырааттуу улантып жатканын белгиледи. Анын айтымында, Кеңеш ишкерлердин демилгелерин системдүү коштоп, макулдашылган чечимдерди иштеп чыгууга жана ишкердик чөйрөнү жакшыртууга багытталган.

Ошондой эле Кеңештин иши административдик тоскоолдуктарды кыскартууга, жөнгө салуу чөйрөсүнүн алдын ала божомолдонушун жогорулатууга, инвестициялык жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун өнүктүрүүгө, ошондой эле региондордун инвестициялык күн тартибиндеги ролун күчөтүүгө багытталып жатканы баса белгиленди.

Форумдун жүрүшүндө Улук Кыдырбаевдин модераторлугунда панелдик сессия өтүп, ага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, бизнес-коомчулук жана эл аралык өнүктүрүү институттары катышты. Талкуунун алкагында региондордун инвестициялык потенциалын өнүктүрүү ыкмалары, бизнес-ассоциациялардын ролу, өнүктүрүү институттарынын жана венчурдук механизмдердин катышуусу, ошондой эле инвестиция тартуунун практикалык моделдери каралды.

Мындан тышкары, Форумдун өзүнчө блогу алкагында инвесторлорду коштоп жүрүү боюнча санариптик инструменттердин иши тааныштырылды. Алардын катарында invest.gov.kg инвестициялык порталы, «Инвестициялар» автоматташтырылган маалыматтык системасы жана InvestKG чат-боту көрсөтүлдү.

Форумдун жыйынтыгында инвестициялык климатты мындан ары өнүктүрүү боюнча негизги сунуштарды жана артыкчылыктарды камтыган резолюция кабыл алынды. Иш-чара ачык диалог форматынын актуалдуулугун дагы бир жолу тастыктап, мамлекет менен бизнес ортосундагы ишенимди бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болду.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгы мындан ары да мамлекеттик-жеке диалогду өнүктүрүү, инвестициялык демилгелерди коштоо жана өлкөнүн узак мөөнөттүү экономикалык өсүшү үчүн туруктуу шарттарды түзүү багытындагы ишин улантат.