Радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнү менен

Воскресенье, 07 Декабрь 2025 23:30

Бүгүн биз өлкөнүн маалымат мейкиндигин түзүп, элге кабар жеткирген адистерди – радио жана телеберүү кызматкерлерин куттуктап жатабыз. Силер айтып берген окуялар, жеткирген маалыматтар аймактарды бириктирип, эл менен мамлекеттин ортосундагы көпүрө болуп келүүдө.

Өлкөбүздө алгачкы радиоберүү 1931-жылы, ал эми телеберүү 1958-жылы башталган. 1970-жылдардын аягында өлкөнүн дээрлик бүт аймагы эфир менен камтылып, үйлөргө жаңы доордун демин алып келген алгачкы сыналгылар орнотула баштаган.

Журналист, оператор, үн режиссёру, редактор, алып баруучу – эфирдин артындагы ар бир адистин эмгеги зор. Технология тездик менен өзгөрүп жаткан бүгүнкү күндө силердин ишиңердин баалуулугу андан бетер өсүүдө.

Сүрөт: 1972-жылдын ноябры. СССРдин 50 жылдыгы алдында Ош облустук телестудиясынын алгачкы эфирге чыгышы. Кадрда — көркөм өздүк чыгармачылык концерттин түз берүү учуру. Булак: foto.kg.