Урматтуу экспорттоочулар!
Сиздерге «Бизнес сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү» темасындагы окутуучу видеороликти сунуштайбыз. Видеоматериал экспорттук маркетинг, келишим түзүү жана коштоочу документтерди даярдоо боюнча иштелип чыккан колдонмолордун негизинде даярдалган.
Бул материалдар жана видео ишкерлерге эл аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, экспорттук келишимдерди түзүүдө жана продукцияны тышкы рыноктордо илгерилетүүдө билимдерин жана көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жардам берет.
Профилдин шапкасындагы же видеонун алдындагы шилтемелер аркылуу колдонмолор менен таанышып чыгыңыздар — алар эл аралык аянттарда ийгиликтүү иш алып барууга практикалык курал болуп кызмат кылат.
Жагымдуу көрүү жана жемиштүү үйрөнүү каалайбыз!
Видео БУУӨП долбоорунун алкагында даярдалган.