Ишкерлер менен жандуу диалог форматы — өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу куралы

Бийлик менен бизнес ортосундагы түз баарлашуу форматы аймактык кызматташтыктын маанилүү элементи болуп бара жатат.

Жакында Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Төралгалыгы алдында Регионалдык инвестициялык кеңештин (РИК) кезектеги отуруму өткөрүлдү. Иш-чара бейформалдуу, бирок конструктивдүү форматта өтүп, ишкерлер менен мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө аймактагы бизнес-өнүгүүгө байланыштуу актуалдуу маселелерди талкуулоого мүмкүндүк берди.

Жолугушууга өнөр жай, соода, курулуш, айыл чарба жана кызмат көрсөтүү тармактарында иш алып барган ишкерлер катышып, өз ишинде жолугуп жаткан көйгөйлөрдү белгилешти жана аларды чечүү боюнча так сунуштарын беришти. Мындай форматтагы жолугушуулар мамлекеттик органдар менен ишкерлер ортосундагы туруктуу диалогду калыптандырып, өз ара ишенимди бекемдөөгө жана ишкердик чөйрөсүн системалуу жакшыртууга өбөлгө болот.

Жыйынды Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты түштүк аймактар боюнча Регионалдык инвестициялык кеңештердин координатору Мыктыбек Осмоналиевдин колдоосу менен уюштурду. Мындай биргелешкен формат ишкер чөйрө менен диалог жүргүзүүнүн эффективдүү ыкмасын көрсөтүүдө: маселелерди ыкчам талкуулоого жана практикалык чечимдерди иштеп чыгууга шарт түзөт.

Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин Катчылыгынын координациялык колдоосу менен жүргүзүлүп жаткан жандуу баарлашуу практикасы мамлекеттик жана жеке секторлор ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн туруктуу жана натыйжалуу механизми катары өзүн актап келет.

Жыйындын жыйынтыгында аймактагы ишкердикти өнүктүрүүгө жана бизнес чөйрөсүн жакшыртууга багытталган сунуштар менен чечимдерди камтыган протоколдор даярдалып, жакынкы күндөрү кол коюлат.