1-октябрда Ош шаарында «Иш берүүчү – кесиптик билим берүү жана ишке орноштуруу системасынын негизги өнөктөшү» аттуу тегерек стол болуп өттү. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Билим берүү министрлиги, Швейцария Өкмөтүнүн «Чебер: Кыргызстанда көндүмдөрдү өнүктүрүү» долбоору жана Дүйнөлүк банк уюштурду.
Талкууга түштүк региондор боюнча Регионалдык инвестициялык кеңештердин координатору Мыктыбек Осмоналиев жана Ош облусу боюнча Регионалдык инвестициялык кеңештин Катчылыгынын жетекчиси Таалайбек Азимов катышышты.
Ал белгилегендей, министрлик жана өнөктөштөр тарабынан ишке киргизилип жаткан пилоттук долбоорлордун максаты жаштарды эмгек рыногуна жакындатуу, аларды керектүү көндүмдөр менен камсыз кылуу жана ишканалар үчүн талапка жооп берген адистерди даярдоо болуп саналат.
«Министрлик жана өнөктөштөр тарабынан ишке киргизилип жаткан пилоттук долбоорлордун максаты — жаштарды керектүү кесиптик билим менен камсыз кылуу, аларды жумушка жакындатуу жана ишканаларга талапка жооп берген адистерди даярдоо. Бул багытта регионалдык деңгээлде Инвестициялык кеңештердин жана алардын катчылыктарынын ролу абдан чоң. Алар аймактагы бардык кызыкдар тараптарды — мамлекеттик органдарды, иш берүүчүлөрдү жана билим берүү уюмдарын бириктирип, практикалык чечимдерди иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Координатор катары менин милдетим — ушул диалогду улантып, сиздердин сунуштарыңызды топтоп, системалаштырып, тиешелүү органдарга жеткирүү. Ар бир сунуш региондордогу пилоттук долбоорлорду сапаттуу ишке ашырууга жана жаштар үчүн туруктуу жумуш орундарын түзүүгө багытталат.», — деди Осмоналиев.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 35 жашка чейинки жаштардын саны 2,4 миллион кишини түзөт, бул калктын 35 пайызы. Жумушсуздуктун деңгээли 3,7 пайызды түзүп, анын ичинен жумушсуздардын жарымынан көбү жаштар. Ушул себептен стажировка окуудан ишке чейинки көпүрө болуп эсептелет.
Катышуучулар белгилешкендей, мындан аркы ийгиликтерди камсыз кылуу үчүн мамлекеттин, бизнес өкүлдөрүнүн, билим берүү мекемелеринин жана жергиликтүү бийликтин кызматташтыгы зарыл. Мындай ыкма кадрларды суроо-талапка ылайык даярдоого, жаштарды татыктуу жумуш орундары менен камсыз кылууга жана региондордо инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга туруктуу негиз түзүүгө шарт жаратат.