Каратай Джангельдиев аймактарда МЖӨ долбоорлоруна көбүрөөк көңүл бурулуп жаткандыгы тууралу

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялар агенттигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк Борборунун долбоорлорду тартуу жана даярдоо бөлүмүнүн башчысы Каратай Джангельдиев белгилегендей, аймактарда жергиликтүү бийлик органдары МЖӨ долбоорлоруна улам көбүрөөк көңүл бурууда жана мындай демилгелердин саны жылдан жылга өсүп жатат. Анын айтымында, дал ушул өнөктөштүк механизмдери аркылуу ниеттерди ишке ашуучу чечимдерге айландырууга, долбоорлордун тартибин бекемдөөгө жана экономикага бюджеттен тышкаркы ресурстарды тартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

МЖӨ деген эмне жана ал эмнеге маанилүү?
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк — бул мамлекет менен бизнес ортосундагы узак мөөнөттүү кызматташтык, анын алкагында жеке өнөктөш долбоорду долбоорлоо, куруу, каржылоо жана/же эксплуатациялоо милдеттерин өзүнө алат, ал эми мамлекет укуктарды, милдеттенмелерди жана жыйынтыкка жараша төлөмдөрдүн ачык эрежелерин камсыздайт.

Аймактар үчүн МЖӨ - практикалык курал: ал социалдык объекттерди, коммуналдык жана транспорттук инфраструктураны, энергетика тармагын камтыган инфратүзүмдүк кемчиликтерди жоюуга, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана тобокелдиктерди бөлүшүүгө жардам берет. Ар бир долбоор уникалдуу: анын модели (концессиялык, сервистик ж.б.), мөөнөтү, көрсөткүчтөрү (KPI), төлөмү жана кепилдиктери келишимде так жазылып, конкреттүү максаттарга ылайыкташтырылат.

Регионалдык инвестициялык кеңештер МЖӨнү илгерилетүүдө маанилүү роль ойнойт: дал ушул аянтчада жергиликтүү демилгелер мамлекет жана инвесторлор менен түз талкууланып, конкреттүү долбоорлор түзүлөт жана аларды жеринде ылдам ишке ашырууга жол ачкан чечимдер кабыл алынат.

Регионалдык инвестициялык кеңештер Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн алдында иш алып барат. РИКтердин катчылыктарынын ишмердүүлүгү Министрлер Кабинетине караштуу Кеңештин Катчылыгы, БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү жана Улуттук инвестициялар агенттигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун үч тараптуу келишиминин алкагында колдоого алынууда.