29-сентябрда Бишкек шаарында «Иш берүүчү кесиптик билим берүү жана ишке орноштуруу системасынын негизги өнөктөшү катары» аттуу тегерек стол болуп өттү. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, КР Билим берүү министрлиги жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен биргеликте уюштурду. Талкууга мамлекеттик органдардын, бизнес-ассоциациялардын, билим берүү мекемелеринин, эл аралык уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин Катчылыгынын өкүлдөрү катышышты.
Учурдагы абал
Кесиптик лицейлерде болжол менен 27,9 миң студент билим алып жатат, жыл сайын 12 миңден ашуун адис бүтүрүп чыгат. Эң көп талап кылынган багыттар – автотранспорт жана оңдоо (21,6%), тигүү жана текстиль өндүрүшү (18,4%), курулуш, тейлөө чөйрөсү жана туризм. Ошол эле учурда бир катар көйгөйлөр да бар: компетенциялардын жетишсиздиги, аймактардагы жумуш орундардын аздыгы жана билим берүү программаларына жетүүнүн чектелгендиги.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев белгиледи:
«Бүгүн өлкөдө бир топ инвестициялык долбоорлор ар кандай тармактарда ишке ашырылууда. Бирок суроо туулуп жатат: бул долбоорлорду ишке ашырып, тейлөөгө жетиштүү адистерибиз барбы? Азыр биз айрым учурларда адистерди чет өлкөдөн чакырууга аргасыз болуудабыз. Ошондуктан дал ушул долбоорлорду эске алуу менен кадрларды даярдоо абдан маанилүү».
Катчылык бир катар демилгелерди сунуштады, алардын арасында:
- kesip.edu.gov.kg платформасын колдонуп онлайн-курстарды өнүктүрүү, сертификация жана эмгек акыны божомолдоо;
- билим берүү процессине иш берүүчүлөрдү жана практиктерди тартуу;
- аймактардагы инвестициялык долбоорлорду инвентаризациялоо аркылуу келечектеги кадрларга болгон суроо-талапты алдын ала аныктоо;
- билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана алыскы райондордогу студенттерди колдоо программалары.
Катышуучулар белгилешкендей, сапаттуу кадрларды даярдоо жана жаштарды татыктуу жумуш орундары менен камсыз кылуу үчүн мамлекет, бизнес жана билим берүү мекемелеринин тыгыз кызматташтыгы абдан маанилүү.