Улук Кыдырбаев РИКтердин маанилүүлүгү тууралу

Понедельник, 22 Сентябрь 2025 09:45

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин Катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев Регионалдык инвестициялык кеңештин маанилүүлүгү тууралуу пикири менен бөлүштү (интервьюга шилтеме).

Ал белгилегендей, РИК жөн гана кеңешүү органы эмес, бул - түз диалог жүргүзүүчү жандуу аянтча. Бул жерде ишкерлер өз көйгөйлөрүн ачык айтып, мамлекеттик органдар жооп беришет, кабыл алынган чечимдер протоколго киргизилет жана алардын аткарылышын катчылык көзөмөлдөйт. Мындай механизм бизнес менен мамлекеттин ортосундагы чыныгы өнөктөштүктү камсыз кылат, тоскоолдуктарды жоюуга жана региондун өнүгүүсүнүн «жол картасын» түзүүгө өбөлгө болот.

Жалал-Абаддагы жыйында жашыл энергетика, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, туризм жана инфраструктура тармагындагы жаңы долбоорлор сунушталды. Кеңештин негизги максаты — бийликтин, бизнес коомчулугунун жана өнөктөрдүн күч-аракетин бириктирип, инвестиция үчүн ыңгайлуу шарт түзүү, жаңы жумуш орундарын ачуу жана региондун туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө болуу.

Жакынкы аралыкта Регионалдык инвестициялык кеңештердин отурумдары өлкөнүн бардык облустарында өтөт.

Регионалдык инвестициялык кеңештер (РИК) облустардагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн алдында түзүлүп, РИКтердин катчылыктарынын ишмердүүлүгү КР Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңешинин Катчылыгынын, БУУӨПтүн КРдагы өкүлчүлүгүнүн жана Улуттук инвестиция агенттигинин алдындагы МЖӨ борбору ортосундагы үч тараптуу келишиминин алкагында колдоого алынууда.