Өткөн жумада (2025-жылдын 5-сентябрында) Ош шаарында Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактарын өнүктүрүүнүн 2023–2027-жылдарга карата Беш жылдык аракеттер планын ишке ашырууга арналган тегерек стол болуп өттү. Иш-чарага Президенттин тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Бул маанилүү иш-чарада Регионалдык инвестициялык кеңештердин (РИКтердин) түштүк региондор боюнча координатору Мыктыбек Осмоналиев баяндама жасады.
Ал өзүнүн презентациясында Ош облусу агроклиматтык ресурстарга бай, транзиттик жагынан ыңгайлуу жана уникалдуу биологиялык ар түрдүүлүккө ээ стратегиялык потенциалы бар экенин белгиледи. Ошол эле учурда бул аймак олуттуу чакырыктарга туш болуп келет: калктын көчүп кетиши, жаратылыш кырсыктарынын коркунучу, инфраструктуранын жетишсиздиги жана табигый ресурстардын деградациясы.
Беш жылдык аракеттер планындагы милдеттердин алкагында Осмоналиев РИКтер айыл чарба продукциясын терең иштетүү, экотуризм жана айылдык туризмди өнүктүрүү, чакан ГЭСтерди куруу жана транзиттик-логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу сыяктуу артыкчылыктуу тармактарды алдыга жылдырууда байланыштыруучу көпүрө боло аларын баса белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар кеңешинин Катчылыгы Беш жылдык аракеттер планындагы максаттарды РИК механизмдери менен айкалыштыруу - «жашыл» инвестицияларды илгерилетүүнүн, жергиликтүү демилгелерди колдоонун жана өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин азайтуучу технологияларды киргизүүнүн негизги кадамы катары карайт. Мындай ыкма тоолуу аймактардын туруктуулугун арттырып эле тим болбостон, аларды бизнес менен калк үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн аймагына айлантат.