Регионалдык инвестициялык кеңештердин (РИК) иши өзгөчө мааниге ээ, себеби алар жергиликтүү ишкерлер менен мамлекеттик органдардын ортосунда көпүрө болуп кызмат кылат. РИК - жандуу диалогдун аянтчалары, анда бизнес өз көйгөйлөрүн жана демилгелерин ачык жеткизип, ал эми мамлекеттик жана каржылык институттар аларды угуп, биргелешип чечүү жолдорун издешет.
Жакында Нарында өткөн жолугушуунун алкагында маанилүү бөлүктөрдүн бири болуп B2B-сессия саналат. Сессиянын алкагында ишкерлер түздөн-түз өнүктүрүү фонддорунун, мамлекеттик банктардын жана институттардын өкүлдөрүнө кайрылууга мүмкүнчүлүк алышты. Сессиянын жүрүшүндө Нарын РИКинин укуктук маселелер боюнча эксперти Эралиева Салтанат ишкерлердин кайрылууларын кабыл алып, юридикалык маселелер боюнча кеңештерди берди.
Сессияда ишкерлер өз ишмердүүлүгүндө туш болгон конкреттүү жагдайларды көтөрүштү. Маселелер жер тилкелерин долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ижарага алуу, кредиттик ресурстарга жетүү жана алардын шарттары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өндүрүштөрдү колдоо жөнүндө болду. Өзүнчө айрым жарандар үчүн, каржылоого жетүүдө жаралган кыйынчылыктар белгиленди.
Ошону менен катар, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду. МЖӨ көп учурда мындай маселелерди чечүүнүн практикалык жолу катары каралууда. Бул механизм аймактарга борбордон чечимдерди күтпөстөн, өз алдынча долбоорлорду баштоого шарт түзөт — инфраструктурадан тартып агрардык долбоорлорго чейин. Бул МЖӨнү жергиликтүү ишкерлер үчүн өзгөчө актуалдуу куралга айлантат.