Кеңештин Катчылыгы жана Улуттук инвестиция агенттиги инвестициялык климатты жана бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча биргелешкен кадамдарды талкуулашты

2025-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин жаңы башчысы Равшанбек Сабиров менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин Катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев жумушчу жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда Кеңештин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди жана инвестициялык климатты жана ишкердик чөйрөсүн жакшыртуу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын карап чыгышты. Анын ичинде өлкө экономикасына инвестицияларды активдүү тартуу жана чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмүн көбөйтүү боюнча чаралар белгиленди. Бул багытта негизги шарт катары ишкердик жүргүзүүдө ачык-айкын жана алдын ала божомолдоого мүмкүн болгон эрежелерди киргизүү аркылуу инвестициялык климатты туруктуу жакшыртуу зарылдыгы белгиленди.

Өзгөчө көңүл мамлекеттик органдар, бизнес-коомчулук жана инвесторлор ортосунда ачык мамлекеттик-жеке диалогду камсыз кылуу маселесине бурулду. Мындай формат ишкерлер үчүн тоскоолдуктарды өз убагында аныктап, аларды жоюу боюнча сунуштарды биргеликте иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берери баса белгиленди.

Жолугушууда өлкөнүн региондоруна инвестицияларды тартуунун маанилүүлүгүнө да өзүнчө көңүл бөлүндү. Тараптар жакында түзүлгөн Регионалдык инвестициялык кеңештер (РИКтер) жергиликтүү деңгээлде инвестициялык демилгелерди илгерилетүү жана мамлекет менен ишкерлердин ортосундагы ишенимди бекемдөө үчүн маанилүү аянтча болуп бара жатканын белгилешти.

Мындан тышкары, 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу жана жаңы «Инвестициялар жөнүндө» Мыйзамды колдонуу боюнча биргелешкен кадамдар талкууланды. Бул мыйзам бизнес үчүн да, чет өлкөлүк өнөктөштөр үчүн да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачары белгиленди.

Жыйынтыгында тараптар инвестициялык климатты жакшыртууга, ишкердикти колдоого жана Кыргыз Республикасын эл аралык инвесторлор үчүн ишенимдүү өнөктөш катары илгерилетүүгө багытталган конструктивдүү кызматташууну улантуу ниетин тастыкташты.