Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгы РИКтерге эксперттерди чакырат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгы Регионалдык инвестициялык кеңештерде иштөөгө адистерди кабыл алууну жарыялайт. Максаты  - инвестициялык климатты жакшыртуу, диалогду күчөтүү жана аймактардагы ишкердикти колдоо.

Ачык орундар:

  • (Ысык-Көл облусу) РИК Катчылыгынын жетекчиси – РИКтин ишин уюштуруу, мамлекеттик органдар жана бизнес менен кызматташуу, жыйындарды өткөрүү, демилгелерди илгерилетүү.
  • (Нарын облусу) РИК Катчылыгынын жетекчиси – РИКтин ишин уюштуруу, мамлекеттик органдар жана бизнес менен кызматташуу, жыйындарды өткөрүү, демилгелерди илгерилетүү.
  • (Баткен облусу) Укуктук маселелер боюнча адис – укуктук экспертиза, мыйзамдардын талдоосу, инвестициялык долбоорлорго укуктук колдоо көрсөтүү, бизнес жана мамлекеттик органдарды консультативдик жактан камсыздоо. 

Иштин форматы: толук жумуш күнү, контракт – 2025-жылдын сентябрынан 2026-жылдын февралына чейин.
Документ тапшыруунун акыркы күнү: 2025-жылдын 14-сентябры, саат 23:59га чейин.

Кантип арыз берүүгө болот?
1️⃣ Резюмеңизди жана мотивациялык катыңызды (1 беттен ашпаган) Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. дарегине жөнөтүңүз.
2️⃣ Каттын темасында кызмат ордун жана аймакты көрсөтүңүз (мисалы: «РИК Катчылыгынын жетекчиси – Ысык-Көл облусу»).
3️⃣ Алдын ала тандоодон өткөн талапкерлер маектешүүгө чакырылат.

? Вакансиялар боюнча кеңири маалымат бул шилтемеде: https://drive.google.com/drive/folders/1ryfzef-jVB5WajY0a2nu0s0hSJV8oZ0T

? Аймактардагы инвестициялык климатты өнүктүрүүгө салым кошкусу келген адистерди документ тапшырууга чакырабыз.