Нарында инвестициялар, өнөктөштүк жана каржылоо маселелери талкууланды

2-сентябрда Нарында бизнес-коомчулуктун, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусунда региондук долбоорлорду колдоого жана инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүгө арналган күткөн жолугушуу болуп өттү.

Иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнес өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңештин Катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров, Улуттук инвестициялар агенттигинин директорунун орун басары Жалын Жээналиев сөз сүйлөштү. Алар мындай жолугушуулар жергиликтүү бизнес менен бийликтин ортосундагы диалогду чыңдап, практикалык чечимдерди табууга маанилүү платформа экенин белгилешти.

Программа алкагында ишкерлерге каржылоонун жана колдоонун куралдары сунушталды: өнүктүрүү фонддору жана кепилдик механизмдери, лизинг, банктык продуктулар жана экспортту колдоо программалары. Ошондой эле ишкерлер практикалык маселелерди көтөрүштү: каржылоого жетүү, кассалык ажырымдарды жоюу, өндүрүштүк процесстерди туруктуу жүргүзүү жана модернизациялоо, өзгөчө тамак-аш өнөр жайында системдүү жана туруктуу колдоонун зарылдыгы баса белгиленди.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) мүмкүнчүлүктөрү өзүнчө белгиленип, аймактар борбордон чечимдерди күтпөстөн, бар болгон идеялар менен долбоорлорду МЖӨ механизмдери аркылуу өздөрү баштай алаары айтылды. Бул ыкма экономика үчүн маанилүү болгон демилгелерди — инфраструктурадан тартып кайра иштетүүгө жана туризмге чейин — ишке ашырууга жол ачат. Ошондой эле Президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн алдында иштей баштаган Регионалдык инвестициялык кеңештер (РИК) тууралуу маалымат берилди. Алар ишкерлер менен инвесторлорго мамлекеттик органдар менен түздөн-түз байланышып, кеңеш алуу жана долбоорлорду коштоо мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

Жолугушууда туризм, экспорт жана агроөнөр жай комплекси боюнча учурдагы жана келечектеги инвестициялык долбоорлор да талкууланды. Эл аралык фонддордун жана банктардын катышуусу өзгөчө маанилүү экени белгиленди — алар ири демилгелерди да, чакан долбоорлорду да колдоого даяр экенин билдиришти.

Иш-чаранын бөлүктөрүнүн бири катары Тилек Токтогазиевдин агропарктар жөнүндө баяны болду. Агропарктар - дыйкандарды, инвесторлорду жана адистерди бириктирген заманбап кооперация модели. Агропарктар толук циклди камтыйт, мисалы эгин отургузуудан тартып продукцияны экспортко чыгарууга чейин. Мында заманбап технологиялар жана сугат системалары колдонулат, бул түшүмдүүлүктү жогорулатып, продукцияны эл аралык базарларга алып чыгууга шарт түзөт.

Программанын дагы бир маанилүү бөлүгү жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн көргөзмөсү болду. Анда жезден жасалган буюмдар жана тамак-аш өнөр жайынын продукциялары көрсөтүлүп, катышуучулардын чоң кызыгуусун жаратты.

Уюштуруучулар белгилешкендей, Нарын шаарындагы бул жолугушуу мамлекет, бизнес жана инвесторлор ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө жана региондун туруктуу өнүгүшүнө негиз түзгөн дагы бир кадам болду.