Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуунун жаңы этабы

Понедельник, 25 Август 2025 04:42

Кыргыз Республикасынын Президенти 2025-жылдын 12-августунда №198 «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» жаңыланган Мыйзамга кол койду. Документ инвестициялык климатты жакшыртууга, улуттук жана чет элдик салымдардын көлөмүн кеңейтүүгө жана бизнес үчүн укуктук кепилдиктерди чыңдоого багытталган.

Негизги өзгөрүүлөр жана жаңылыктар

Инвестициялардын эркиндиги жана улуттук режим. Инвестициялар мыйзамда тыюу салынган учурларды кошпогондо бардык ишмердүүлүк тармактарына уруксат берилет. Мамлекеттик органдар мыйзамда түз каралган учурлардан тышкары, инвесторлордун чарбалык ишмердигине кийлигишпөөгө милдеттүү. Чет элдик инвесторлор улуттук инвесторлор менен бирдей шартта инвестицияларды түзүүдө, кеңейтүүдө жана башкарууда кем эмес жагымдуу режимге ээ болушат.

10 жылдык стабилизациялык режим. Салыктык жана салыктык эмес төлөмдөр боюнча шарттарды келишимдик стабилизациялоо механизми киргизилет. Стабилизациялык келишим түзгөн инвестор 10 жылга чейинки мөөнөттө өзүнө пайдалуураак болгон мурдагы нормаларды колдонууга укуктуу. Бул режимге жеткиликтүүлүк 200 млн сомдон жогору инвестицияларды 3 жыл ичинде (типтүү долбоорлор) же 1 млрд сомдон жогору инвестицияларды 5 жыл ичинде (пайдалуу казындыларды иштетүү) жумшаган инвесторлорго берилет. Инвестициялык милдеттемелер аткарылбаса, келишим токтотулат жана үнөмдөлгөн төлөмдөр кайтарылат. Акционерлердин алмашуусу режимди өзгөртпөйт. Мыйзам инвесторго кийинчерээк киргизилген пайдалуу нормаларды да колдонууга укук берет.

Капиталдын эркин жүгүртүлүшү. Инвесторлорго Кыргыз Республикасына жана Кыргыз Республикасынан эркин айлануучу валютада каражаттарды эркин жана кечиктирбестен которууга кепилдик берилет. Анын ичинде: уставдык капиталга салымдар, киреше жана дивиденддер, инвестицияларды сатуудагы түшүүлөр, пайыздар, роялти, келишимдер боюнча төлөмдөр, компенсациялар жана компетенттүү органдардын чечимдери боюнча төлөмдөр. Мыйзам инвестициялар менен байланышкан бардык төлөмдөр үчүн сомдорду чет элдик валютага эркин конвертациялоону өзүнчө белгилейт. Чектөөлөр болгону так көрсөтүлгөн учурларда колдонулат (банкроттук/кредиторлорду коргоо, баалуу кагаздар жана деривативдер жүгүртүүсү, кылмыш иштер боюнча сот чечимдери, фискалдык жана экономикалык нормативдер).

Мүлктү коргоо жана компенсация. Экспроприация мыйзамда түз каралган учурларда гана жол берилет; реквизиция — өзгөчө кырдаалдарда жана баасын төлөө менен; конфискация жана мажбурлап алуу — соттун чечими аркылуу гана. Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн мүлк алынганда, анын базар баасы жана келтирилген чыгымдар толук көлөмдө орду толтурулат. Компенсация базар баасы боюнча эркин айлануучу валютада эсептелип, төлөнгөнгө чейин базардык пайыздар кошулат. Өзүнчө белгиленген: стратегиялык маанидеги инвестициялык долбоорлор, анын ичинде темир жол курулушу, экспроприацияланбайт.

Институционалдык түзүлүш. Инвестициялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кеңейтилген ыйгарым укуктарга ээ болду: өлкөнүн позитивдүү инвестициялык имиджин түзүү, инвесторлорду коштоо, мамлекеттик органдарды координациялоо, укуктарды коргоо жана арыздарды кароо, сунуштар жана долбоорлордун реестрлерин жүргүзүү, келишимдерди аткарууну мониторинг кылуу, Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасына жылдык инвестициялык климат боюнча талдоо даярдоо. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 10 календардык күн ичинде инвесторлор менен болгон жолугушуулар жөнүндө маалымдоого, жыл аягында 30 күн ичинде инвестициялар жана долбоорлор боюнча маалымат берүүгө милдеттүү. Ыйгарым укуктуу орган 60 күндүн ичинде жылдык анализ даярдайт.

«Процедуралардын ачыктыгы жана институционалдык реформа. Улуттук инвестициялар агенттигинин мандаты кеңейип, инвесторлорду коштоо, арыздарды чечүү, мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын иш-аракеттерин координациялоо функциялары күчөтүлдү», — деди Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялар агенттигинин директорунун орун басары Дамирбек Бикулов.

Долбоорлорду тандоонун жана коштоонун жаңы инструменттери. «Инвестициялык лот», «инвестициялык сунуш» жана «инвестициялык долбоор» түшүнүктөрү бирдиктүү талаптар менен мыйзамда бекитилди. Инвесторду тандоо ачык конкурс аркылуу жүргүзүлөт; документтерди макулдашуу мөөнөттөрү жана кайтарып берүү негиздери белгиленди. Инвестициялык келишимдин типтүү түзүмү унификацияланды: предмет, укук жана милдеттер, каржылоо булактары, ишке ашыруу жана мониторинг графиги, киреше жана чыгымдарды бөлүштүрүү тартиби, төлөмдөрдүн кезеги, активдердин тагдыры, тараптардын жоопкерчилиги, форс-мажор жана талаштарды жөнгө салуу тартиби.

Кабмин менен түз сүйлөшүүлөр жана мамлекеттик мүлктү долбоорго берүү. Стратегиялык маанидеги демилгелер боюнча инвесторлор менен Министрлер Кабинети түз сүйлөшүү жолу менен инвестициялык келишим түзө алат, эгерде мыйзамдагы баа босогосу сакталса жана инвестор тиешелүү тармакта ийгиликтүү тажрыйбага ээ болсо. Мындай келишимдерде мамлекеттик мүлктү берүү шарттары так жөнгө салынат: көз карандысыз баалоочу тарабынан базар баасын аныктоо, долбоор максаттарына ылайык пайдалануу, толук ишке ашканга чейин кайра берүү тыюусу, милдеттемелер аткарылбаса мүлктү мамлекетке кайтаруу. Бардык келишимдер ыйгарым укуктуу орган менен алдын ала макулдашылып, борборлоштурулган реестрге киргизилет.

Келишимдерди түзүүдөгү босого деңгээлдер. Мыйзам долбоордун суммасына жараша компетенцияны бөлүштүрөт: МСУ органдарынан министрликтерге жана Министрлер Кабинетине чейин (1 млрд сомдон жогору келишимдер үчүн). Келишим түзүлөрдүн алдында мамлекеттик органдар инвестордун ишкердик кадыр-баркын, тажрыйбасын жана каржылык туруктуулугун текшеришет; зарыл учурда тышкы саясат жана улуттук коопсуздук органдарынан кошумча маалымат алынат. Конкурстун жыйынтыгында келишим 30 күн ичинде кол коюлат.

Инвесторлордун милдеттери жана туруктуу ишкердик стандарттары. Инвесторлор экологиялык талаптарды сактоого (зарыл учурларда мамлекеттик экологиялык экспертиза өткөрүү жана жеткиликтүү мыкты технологияларды колдонуу), антимонополиялык нормаларды жана адилетсиз атаандаштыкка тыюуну, эмгек мыйзамдарын (коопсуз эмгек шарттарын жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасынан кадрларды даярдоону), ошондой эле келишимдик милдеттерди аткарууга жана долбоорду ишке ашыруу учурунда маалымат берүүгө милдеттүү. Өзүнчө белгиленген этикалык стандарттар, адам укуктарын сактоо, коррупцияга каршы аракеттер жана салыктык ак ниеттүүлүк.

Маалыматка жетүү, жүрүп-туруу жана көмөк чаралары. Мамлекет инвесторлордун кызыкчылыктарына тиешелүү НПАларга жана сот чечимдерине эркин жетүүнү камсыз кылат; мамлекеттик органдар актуалдуу маалыматтарды жарыялоого жана суроо-талап боюнча ачык маалымат берүүгө милдеттүү. Чет элдик инвесторлорго жана адистерге өлкө ичинде эркин жүрүп-туруу кепилденет (коопсуздук оговоркалары менен). Көмөк чараларынын тизмесине төмөнкүлөр кирет: салыктык стабилизация режими, ылдамдатылган амортизация, атайын техникалык жөнгө салуу нормаларын иштеп чыгуу (эгерде алар жок болсо), жер тилкелерин жана суу объекттерин колдонуу укугу, инфраструктурага кошулуу, лицензиялар жана уруксаттарды тездетилген берүү, инвестициялык виза. Өзгөчө инвестициялык режим киргизилген аймактарда мамлекет артыкчылыктуу тармактардагы инвестицияларды коргоо боюнча финансылык милдеттенмелерди ала алат.

Арыздар жана талаштар: «сотко чейинки тепкич». Досудебдик механизм киргизилет: инвестор мамлекеттик органдардын аракетине же аракетсиздигине арыз бере алат; алар компетенциясынын чегинде карап чыгып, бузулган укуктарды калыбына келтирүүгө милдеттүү. Ыйгарым укуктуу орган кайрылууларды укуктук үстөмдүк, объективдүүлүк жана натыйжалуулук принциптеринде карайт, арыздардын реестрине жазат; мамлекеттик органдар 7 күндүн ичинде позициясын берүүгө милдеттүү. Талаштар этап-этабы менен жөнгө салынат: сүйлөшүүлөр → медиация → улуттук соттор. Эгерде жарактуу оговорка болсо, талаш эл аралык арбитражга (ЮНСИТРАЛ же МЦУИС регламенттери боюнча) инвестор сүйлөшүүлөр жана консультациялар боюнча жазуу түрүндө кайрылган учурдан тартып алты ай өткөндөн кийин берилет.

Бул өлкөгө эмне берет

Жаңы укуктук база капиталды көп талап кылган жана узак мөөнөттүү долбоорлор үчүн (10 жылдык стабилизация жана каражаттарды эркин которуу аркылуу) регулятордук тобокелдиктерди азайтып, демилгелерди ишке ашыруунун жол-жоболорун тездетүүгө жана ыйгарым укуктуу орган аркылуу координацияны күчөтүүгө, ошондой эле досудебдик механизм жана так компенсациялык нормалар аркылуу инвесторлордун корголушун жогорулатууга тийиш. Ошол эле учурда мыйзам бизнес укуктарын экологиялык, атаандаштыктык жана эмгектик милдеттер менен тең салмактап, туруктуу экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн негизин түзөт.

Маалымат үчүн. «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Мыйзам (№198, 12.08.2025) расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет (19.08.2025-ж. «Эркин Тоо» гезити, №62). Министрлер Кабинетине мыйзамдан келип чыккан чараларды 6 ай ичинде кабыл алуу тапшырылды.