KY & Partners юридикалык компаниясы менен жолугушуу

Өз ара өнөктөштүктү өнүктүрүү жана кесиптик тажрыйба алмашуу максатында Борбор Азиядагы компанияларга, финансылык институттарга жана инвесторлорго комплекстүү юридикалык колдоо көрсөтүүгө адистешкен көзкарандысыз KY & Partners юридикалык компаниясы менен жолугушуу болуп өттү.

KY & Partners тарабынан жолугушууга башкаруучу юристтер Салимжон Юсупов жана Эльмира Усенова катышты. Катчылыктан жетекчи Улук Кыдырбаев жана катчылыктын командасы катышышты.

KY & Partners компаниясы банк укугу, капитал рыноктору жана корпоративдик маселелер тармагындагы кеңири тажрыйбасы менен белгилүү. Команданын мүчөлөрү эл аралык облигациялардын ири чыгарылыштарын коштоп, дүйнөлүк финансылык институттардын катышуусундагы келишимдерди түзүү иштерине активдүү катышып келишкен. Алардын портфелинде Mastercard, Revolut, Western Union, Ozon жана бир катар алдыңкы банктар менен инвестициялык компанияларды юридикалык жактан консултациялоо тажрыйбасы бар.

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыктын мүмкүн болгон багыттары талкууланды. Атап айтканда, инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду юридикалык коштоо, финансылык секторду жөнгө салуу жана заманбап технологияларды колдонуу боюнча консултация берүү маселелери каралды. Ошондой эле келишимдерди даярдоо жана колдоо, Кыргыз Республикасындагы укуктук базаны өркүндөтүүгө багытталган долбоорлордо компаниянын катышуусу боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун соңунда тараптар өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өз ара кызыкдар экенин билдиришти.