“Ала-Тоо” Эл аралык университети менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту

2025-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарында “Ала-Тоо” Эл аралык университети (Ала-Тоо ЭАУ) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту. Документке Ала-Тоо ЭАУ ректору Назира Эсеналиева жана Инвесткеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев кол койду.

Меморандумдун максаты – билим берүү сапатын жогорулатуу, биргелешкен окуу программаларын ишке ашыруу жана эмгек рыногунда талапка ылайык квалификациялуу адистерди даярдоо багытында өнөктөштүк мамилелерди орнотуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөө. Бул максатта университет менен мамлекеттик орган күч-аракеттерин бириктирип, кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатууга жана билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө багытталган аракеттерди биргелешип жүргүзүшөт.

Тараптар билим берүүдө заманбап ыкмаларды жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын алмашуу, ишкердик, инвестициялар жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тармагындагы долбоорлорду чогуу ишке ашыруу, илимий жана окуу иш-чараларын өткөрүү, ошондой эле экономикалык саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу сыяктуу бир катар багыттар боюнча кызматташуу ниетин билдиришти.

Бул багыттардагы демилгелер меморандумдун шарттарына ылайык кошумча келишимдер жана биргелешкен иш-чаралар аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн.

Меморандумга кол коюу академиялык чөйрө менен мамлекеттик түзүмдөрдүн ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүү кадамы болуп калды. Документ билим берүү жана экономикалык чөйрөлөрдү өнүктүрүү максатында эки тараптын ресурстарын жана экспертизасын бириктирүүгө негиз түзөт.