Жалал-Абад облусунда Регионалдык инвестициялык кеңештин Катчылыгы облус бийлик өкүлдөрүнө тааныштырылды

Жалал-Абад облусунда Регионалдык инвестициялык кеңештин (РИК) Катчылыгы расмий түрдө өз ишин баштады. Бул түзүм Улуттук инвестициялык стратегияда белгиленген милдеттерге ылайык түзүлүп, аймактын экономикасын өнүктүрүүгө, бизнес чөйрөнү жакшыртууга жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) механизмдерин илгерилетүүгө багытталган.

Облус табигый жана агрардык чоң потенциалга, өнөр жай салттарына, эс алуу мүмкүнчүлүктөрүнө жана динамикалуу бизнес чөйрөгө ээ. Ошол эле учурда, кайра иштетүү, айыл чарба кооперациясы, жашыл энергетика, туризм жана чек ара соодасы сыяктуу жаңы багыттарды өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар.

Катчылыктын командасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Манапович Эрматовго тааныштырылды. Катчылыктын командасын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин Катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев тааныштырды.

РИК Катчылыктын курамына төмөнкү адистер кирет:
— Гүлмайрам Аттокурова — Катчылыктын жетекчиси;
— Айзат Биримкулова — укуктук маселелер боюнча эксперт;
— Айдай Алмазбекова — экономикалык маселелер жана МЖӨ боюнча эксперт.

Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк РИКтин аянтчасынын ишине кызыгуусун билдирип, аймакта мамлекеттик-жеке диалогду жана өнөктөштүктү өнүктүрүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи. Катчылыктын натыйжалуу иш алып баруусуна зарыл болгон шарттар түзүлүп берилди.

Иш сапардын алкагында Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Жаштар кеңешинин төрагасы Бекмамат Арстанбеков менен да жолугушуу болуп өттү. РИКтин ишине жаштар топторун жана жаш ишкерлерди тартуу боюнча кызматташтык багыттары аныкталды.

Катчылыктын негизги милдети — жөн гана долбоорлорду коштоо эмес, бизнеске туруктуу колдоо механизмдерин түзүү: административдик тоскоолдуктарды жоюуга көмөктөшүү, МЖӨ долбоорлорун коштоо, ишкерлерге консультация берүү, ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо.

Долбоор Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин Катчылыгы, БУУӨП жана Президентке караштуу Улуттук инвестициялар агенттигинин алдындагы МЖӨ борбору менен түзүлгөн үч тараптуу макулдашуунун алкагында ишке ашырылууда. Иш ЕРӨБ (Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы) тарабынан колдоого алынган, аймактарда туруктуу мамлекеттик-менчик диалогун өнүктүрүүгө багытталган аракеттердин бир бөлүгү болуп саналат.