Спутниктүү технологиялар жана климаттык чечимдер боюнча жолугушуу: Секретариатта Япония делегациясы менен жолугушуу өттү

2025-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин Секретариатынын аянтчасында Секретариаттын жетекчиси Улук Кыдырбаев жана анын командасы Япониядан келген ArkEdge Space жана Gaia Vision компанияларынын эксперттери менен жолугушуу өткөрүштү. Бул жолугушуу спутниктүү технологиялар, жаратылыш ресурстарын мониторингдөө жана климаттык өзгөрүүлөргө адаптация жаатындагы эл аралык кызматташууну өнүктүрүү алкагында уюштурулду.

Япон тараптан жолугушууга төмөнкү адистер катышты:

  • Tomonori Deguchi жана Chikako Murakami – ArkEdge Space компаниясынын дистанциялык зонддоо бөлүмүнүн адистери,
  • Satoru Demoto – Gaia Vision компаниясынын негиздөөчүсү,
  • Eiji Matsuyama – Maccam компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору.

ArkEdge Space компаниясынын өкүлдөрү жаңы муундагы микроспутниктерди суу ресурстарын көзөмөлдөөгө, суу ташкынын алдын алууга жана IoT-коммуникацияны өнүктүрүүгө колдонуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентация жасашты. Ошондой эле Япония жана эл аралык өнөктөштөр менен, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен да, микроспутниктерди ишке киргизүү боюнча кызматташтык тууралуу маалымат берилишти. Кыргыз Республикасы менен өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдарга кол коюлган.

Gaia Vision компаниясы өзүнүн климаттык анализ платформасын сунуштады. Бул платформа Токио университетинин глобалдык дарыялардын гидродинамикалык моделине негизделген жана суу ташкынынын тобокелдигин жогорку тактыкта алдын ала айтууга, чыгымдарды баалоого жана зыянды азайтуу чараларын иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Компаниянын чечимдери климаттык тобокелдиктер боюнча отчеттуулукта (TNFD) ийгиликтүү колдонулуп жаткандыгы белгиленди.

Тараптар кызматташтыктын төмөнкүдөй багыттарын талкуулашты:

  • Кыргыз Республикасында суу ресурстарын жана табигый кырсыктарды мониторингдөө боюнча пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу,
  • спутниктүү маалыматтарды стратегиялык пландоого жана айыл чарбасына интеграциялоо (топуракты талдоо, эгин эгүү аймактарын тандоо жана түшүмдүүлүктү алдын ала болжолдоо),
  • спутниктик чечимдерди инфраструктураны өнүктүрүүгө колдонуу,
  • космостук технологиялар жаатында илимий жана билим берүү кызматташуусун өнүктүрүү.

Бул жолугушуу Кыргыз Республикасы менен Япониянын жогорку технологиялар жана туруктуу өнүгүү тармактарындагы кызматташуусун тереңдетүүгө багытталган маанилүү кадам болду.