24-апрел күнү Бишкек шаарында жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн брифинг өттү. Бул иш-чара республикалык деңгээлде 25-марттан 22-апрелге чейин өткөрүлгөн «Бизнести агартуу кербени» маалыматтык-консультациялык кампаниясынын жыйынтыктарын чыгарууга арналды. Брифингдин максаты - аймактардагы бизнестин учурдагы абалы, бул багытта жүргүзүлүп жаткан дебюрократизация чаралары жана республикалык деңгээлде өткөрүлгөн «Бизнести агартуу кербени» маалыматтык кампаниясынын жыйынтыктары боюнча маалымат берүү.
Брифингдеги спикерлер:
- Ысабеков Кубанычбек Абдимуталипович – КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
- Сартмаметов Бакытбек Тойгонбаевич – JIA бизнес-ассоциациясынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
- Самаков Бакытбек Таалайбекович – КР Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын укуктук маселелер боюнча башкы эксперти;
- Асакеева Чолпон Нурбековна – КР Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча эксперти.
«Бизнести агартуу кербени» кампаниясы JIA бизнес-ассоциациясы жана КР Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгы тарабынан уюштурулган. Кампания өлкөнүн бардык аймактарын – Ысык-Көлдөн Баткенге чейин, Токмок, Кара-Балта сыяктуу шаарларды камтыды. Анын алкагында 2 миңден ашуун чакан жана орто ишкерлер үчүн маалыматтык жана консультациялык сессиялар өткөрүлдү.
Иш-чаралар учурунда салыктык башкаруу, контрольно-кассалык машиналардын колдонулушу, салыктык мунапыс маселелери, каржылык продуктыларга жетүү, МЖӨ механизмдери жана аймактык ишкердикти өнүктүрүү сыяктуу темаларга өзгөчө көңүл бурулду.
Брифингдин маанилүү жыйынтыгы катары системалуу тоскоолдуктарды жоюу боюнча сунуштар иштелип чыгып, алар Улуттук стратегиялык демилгелер институтуна жана Мамлекеттик салык кызматына берилди. Ошондой эле, жергиликтүү бизнес-ассоциациялардын туруктуу коммуникация каналдары катары ролун формалдаштыруу, региондук инвестициялык кеңештерди жана мобилдүү консультациялык топторду ишке киргизүү зарыл экени белгиленди.
Кампаниянын уюштуруучулары өнөктөштөргө — аймактардагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мэрияларга, министрликтерге, МЖӨ борборуна, мамлекеттик банктарга жана өнүктүрүү фонддоруна ыраазычылык билдиришти. Өзгөчө ыраазычылык Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине брифинг өткөрүү үчүн пресс-борборду камсыздаганы үчүн билдиребиз.
«Бизнести агартуу кербени» ачыктыкка, өз ара урматтоого жана өлкөнү өнүктүрүүдөгү биргелешкен жоопкерчиликке негизделген мамлекеттик жана бизнес түзүмдөрдүн ортосундагы туруктуу жана жемиштүү диалог мүмкүн экенин дагы бир жолу тастыктады.