Кыргыз Республикасынын Чек ара аралык электрондук соода жана логистика ассоциациясы расмий түрдө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин курамына кошулду.
Бул маанилүү окуя Ассоциация үчүн өлкөдөгү инвестициялык жана ишкердик чөйрөнү түзүүгө активдүү катышууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Ассоциациянын президенти Марсель Салахунов белгилегендей:
«Инвестициялык кеңештин курамына кирүү — бул Ассоциация мүчөлөрүнүн Министрлер Кабинети менен, анын ичинде Министрлер кабинетинин төрагасы менен түз байланышта иш алып баруусуна ыңгайлуу шарттарды түзөт.
Бул ишкерлердин сунуштарын түздөн-түз өлкө жетекчилигине жана тиешелүү министрликтерге жеткирүү мүмкүнчүлүгү. Ошондой эле чек ара аралык электрондук соода жана логистика тармагындагы көйгөйлөрдү көтөрүп чыгып, аларды чогуу чечүүгө өбөлгө түзөт.»
Жолугушуунун алкагында тармакты өнүктүрүүгө, ишкерлерди колдоого жана инвестиция тартууга багытталган жакынкы айлардагы биргелешкен иш-чаралар да талкууланды.
Ассоциация Кыргызстанда e-commerce жана логистика тармактарынын өсүшүнө шарт түзгөн жагымдуу экосистеманы мамлекеттик, жеке сектор жана эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте түзүү багытында ишин улантат.