2025-жылдын 22-апрелинде Кыргызстан Эл аралык университетинин имаратында республикалык маалымат-консультациялык кампаниянын — «Бизнес боюнча агартуу Караванынын» акыркы жолугушуусу болуп өттү. Иш-чарага 150дөн ашуун катышуучу — бизнес өкүлдөрү, мамлекеттик органдар жана эксперттер жамааты чогулуп, борбор калаадагы ишкерлер туш болуп жаткан негизги системалык маселелерди талкуулашты.
Жыйындын жүрүшүндө салыктык башкаруу темасына өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар техникалык каталар үчүн салыктар боюнча салынган санкциялар жана реалдуу айланма менен расмий эсептердин дал келбестиги сыяктуу көйгөйлөрдү көтөрүштү. Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү салык саясаты жазалоочу мамиледен кызмат көрсөтүүчү форматка өтүп жатканын белгилешип, салык жол-жоболорун өркүндөтүү боюнча конкреттүү сунуштарды берүүгө чакырышты.
Жолугушуунун негизги темаларынын бири салыктык амнистия маселеси болду. Өкүлдөрдүн айтымында, карыздарды кечирүү мүмкүнчүлүгү сот чечимдери жок талашсыз милдеттенмелерге гана тиешелүү болот. Ошондой эле, катышуучуларга чакан жана орто бизнести колдоо максатында жакында кабыл алынган жеңилдиктер, мисалы, МСБ субъектилеринде биринчи документтердин жоктугу үчүн санкциялардын алынгандыгы жөнүндө маалымдалды.
Ишкерлер арасында кызыгууну жараткан дагы бир тема — салык төлөөчүлөр үчүн рейтингдик системаны киргизүү сунушу болду. Салык кызматынын өкүлдөрү Президенттин тапшырмасы менен бул багытта иш башталганын ырасташты. Бул система ишенимдүү жана таза иш алып барган салык төлөөчүлөргө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө багытталат. Анын алкагында, салыктын жүгүн азайтуу жана жеңилдетилген насыяларга жеткилик сыяктуу сунуштар иштелип чыгууда.
Мындан тышкары, жолугушууда тышкы экономикалык ишмердикти жүргүзүүдө бизнес менен салык жана бажы органдарынын өз ара аракеттенүүсү, электрондук форматтагы эсеп берүү маселелери, виртуалдык кампалардагы товарларды эсептен чыгаруу тартиби жана патенттик системанын келечеги талкууланды.
Бишкектеги жолугушуу бул кеңири масштабдагы демилгенин соңку чекити болуп калды. Мурдагы токтолуулар сыяктуу эле, бул жолугушууда да маалымат берүү менен бирге, түз диалог орун алып, көйгөйлөргө реалдуу чечимдер изделди. Бардык чогулган сунуштар жыйналып, тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт жана андан ары иштеп чыгуу үчүн колдонулат.
Панелдик сессиялар менен катар ишкерлер театрдын фойесинде жеке консультацияларды алышты. Бул үчүн өнүктүрүү фонддорунун, мамлекеттик банктардын жана камсыздандыруу компанияларынын өкүлдөрү менен консультациялык зоналар уюштурулду.
Уюштуруучулар JIA бизнес-ассоциациясы жана КР Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгы.
Иш-чара КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, КР Экономика жана коммерция министрлигинин, Башкы прокуратурасынын, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, КР УИА караштуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин, ошондой эле КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Жер жана суу ресурстарын көзөмөлдөө кызматы, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси, Ишкердикти колдоо борборунун (ИКБ), БУУӨП, ЕРӨБ колдоосу менен өткөрүлүүдө.