Микро-, чакан жана орто бизнестер үчүн тоскоолдуктарды жоюу боюнча сунуштар Президентке караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институтунда (УСДИ) сунушталды

2025-жылдын 18-апрелинде «Бизнес агартуу кербени» республикалык маалымат-консультациялык кампаниясынын жыйынтыгы боюнча өткөрүлүп жаткан жолугушуулардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин Секретариатынын жана Бизнес-ассоциация JIAнын өкүлдөрү Президентке караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институтуна (УСДИ) иш сапары менен барышты.

Жолугушууга УСДИнин директорунун орун басары Шумкарбек Адилбек уулу, Инвестициялык кеңештин Секретариатынын жетекчиси Улук Кыдырбаев жана JIA Бизнес-ассоциациясынын башкы юристи Бакытбек Сартмаметов катышты.

Жолугушуунун негизги максаты — чакан жана орто бизнестер туш болгон системалуу көйгөйлөрдү жана тоскоолдуктарды талкуулоо, ошондой эле «Бизнес агартуу кербенинин» жүрүшүндө иштелип чыккан практикалык сунуштарды мамлекеттик башкарууда дебюрократизация саясатына интеграциялоо болду.

Контекст: Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин «Мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын ишке ашырылышын көзөмөлдөө үчүн Межведомстволук комиссия түзүлгөнү маалымдалган. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. УСДИнин директору болуп Юстиция министри дайындалып, ошол эле учурда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары макамын алган.

Жолугушууда көтөрүлгөн негизги маселелер:
– ишкерлер үчүн жер жана уруксат берүү маселелериндеги татаалдыктар;
– туристтик зоналарды өнүктүрүүдө бирдиктүү регламенттердин жоктугу;
– санариптештирүүнүн төмөн деңгээли;
– ГЧП долбоорлорун ишке ашыруудагы тоскоолдуктар;
– муниципалдык мүлктү ижарага берүүдө укуктук коргоонун начарлыгы;
– соттук териштирүүлөрдөгү ачык-айкындуулуктун жетишсиздиги;
– бийликтин ар кыл деңгээлдери ортосундагы координациянын солгундугу.

Сунушталган чечимдер:
муниципалдык жана туристтик башкаруу үчүн геомаалыматтык платформа жана электрондук документооборот түзүү;
бардык уруксат берүү процедураларын камтыган «бирдиктүү терезе» порталынын ишке киргизилиши;
инвесторлорду укуктук жактан коргоо механизмдерин күчөтүү;
ижара жана тарифтик саясатты гармонизациялоо;
ГЧП чөйрөсүндөгү талаш-тартыштар үчүн көзкарандысыз комиссия түзүү;
регионалдык инвестициялык кеңештерди долбоордук иштер боюнча компетенциялар борбору катары чыңдоо.

Жолугушуунун жыйынтыгында УСДИ өкүлдөрү сунуштарды Жарлыкты ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоо процессине кошууга даяр экендигин билдиришти. Практикалык жана санариптик чечимдер өзгөчө мааниге ээ экендиги белгиленди.

Эксперттик коомчулук, бизнес жана мамлекеттик органдар ортосундагы диалог уланып жатат жана ал ишкердиктин өнүгүшү үчүн божомолдонуучу шарттарды түзүүдө жана административдик тоскоолдуктарды жоюуда маанилүү курал болууда.