Нарын облусу — Кытай менен чектешкен стратегиялык маанилүү аймак болуп, чек ара соодасын, агроөнөр жай комплексин жана туризмди өнүктүрүү үчүн чоң потенциалга ээ. 2025-жылдын 24-январында Инвестициялык кеңештин катчылыгынын командасы мамлекеттик органдар менен бизнес-коомчулуктун өз ара кызматташуусун бекемдөөгө багытталган бир катар иш-чараларды өткөрдү.
Катчылыктын жетекчиси Улук Кыдырбаевдин башчылыгындагы команда Нарын облусундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, анын орун басары Адыл Сапаров жана Регионалдык инвестициялык кеңеш (РИК) менен иш алып барган адистер менен жолукту. Жолугушууда аймактын негизги өнүгүү багыттары, анын ичинде инвестициялык демилгелерди ишке ашыруу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлору талкууланды. Өзгөчө көңүл ишкердик үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө бурулду.
Күндүн экинчи бөлүгүндө жергиликтүү бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуулар өттү. Ишкерлер туш болгон көйгөйлөр, анын ичинде каржылоого жеткиликтүүлүк, логистикалык тоскоолдуктар жана экспортко багытталган долбоорлорду өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча талкуулар жүрдү. Команда "Хан Теңири Нарын" ЖЧКсынын башкы директору Таалайбек Карпеков менен жолугушуп, анын тажрыйбасы жана аймактын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатууга жардам бере турган сунуштары угулду.
Нарын облусун зыярат кылуу бул аймактын инвестицияларды тартуу жана МЖӨ алкагында долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигин дагы бир жолу көрсөттү. Аймактын Кытай менен чектешкен өзгөчөлүгү өзгөчө маанилүү роль ойнойт, бул эл аралык өнөктөштүктү, өзгөчө "Бир алкак – бир жол" демилгесинин алкагындагы соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө жаңы перспективаларды ачат.
Бул иш сапарлар Катчылык, МЖӨ борбору, БУУӨП жана ЕРӨБ тарабынан биргелешип ишке ашырылган демилгенин алкагында өткөрүлүүдө. Алар аймактарда инвестициялык шарттарды жакшыртууга жана мамлекеттик-жеке диалогду күчөтүүгө багытталган.