29-январда Инвестициялык кеңештин катчылыгынын командасы мамлекеттик органдар менен бизнес-коомчулуктун кызматташтыгын чыңдоо максатында Ысык-Көл облусунда иш сапарын өткөрдү.
Ысык-Көл облусу — туризмди, айыл чарбасын жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү үчүн зор мүмкүнчүлүктөргө ээ уникалдуу аймак. Катчылыктын жетекчиси Улук Кыдырбаевдин башчылыгындагы команда Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн администрациясы жана жергиликтүү бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.
Иш сапардын биринчи бөлүгүндө катчылык Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Арпачиев жана аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков менен жолукту. Жолугушууда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, ишкердик үчүн шарттарды жакшыртуу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү (МЖӨ) өнүктүрүү маселелери каралды. Ошондой эле, Ысык-Көл облусунун инвестициялык өнүгүү стратегиясын түзүүдө Катчылыктын, Улуттук агенттиктин жана МЖӨ борборунун колдоосу боюнча сунуштар талкууланды.
Ошондой эле катчылык Каракол шаарынын шаардык кеңешинин төрагасы Айбек Сапарбеков менен жолукту. Жолугушууда Караколду туристтик дестинация катары өнүктүрүү жана бул багытта тиешелүү чараларды ишке ашыруу маселелери талкууланды. Тараптар мындан ары туризм тармагында мейманканалардын жана коомдук тамактануу кызматтарынын сапатын жогорулатуу боюнча окутууларды биргелешип уюштуруу боюнча макулдашышты.
Күндүн экинчи жарымында катчылык жергиликтүү ишкерлер жана чакан жана орто бизнес өкүлдөрү менен жолукту. Ишкерлер каржылоого жеткиликтүүлүк, логистикалык тоскоолдуктар жана экспортко багытталган долбоорлорду өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маселелерди көтөрүштү.
Жолугушуунун жүрүшүндө бир катар сунуштар айтылды, алардын ичинде регионалдык өнүктүрүү фонддорунун ишмердүүлүгүнө талдоо жүргүзүү, каражаттарды максаттуу бөлүү механизмдерин жакшыртуу; мектепке чейинки билим берүү мекемелерин каржылоо маселесин карап чыгуу, себеби бала бакчаларды өнүктүрүү багытындагы долбоорлор көп учурда артыкчылык берилген тармактардын катарына кирбей калууда.
Бул иш сапарлар Инвестициялык кеңештин катчылыгы, МЖӨ борбору, БУУӨП жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) биргелешкен демилгесинин алкагында өтүп, аймактарда инвестициялык долбоорлорду колдоого жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган.