23-январда Инвестициялык кеңештин катчылыгынын командасы Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барды. Аймактардагы иш сапарларын улантып, катчылыктын командасы мамлекеттик органдар менен бизнес-коомчулуктун ортосундагы диалогду бекемдөө жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча чараларды талкуулап жатат.
Алгачкы жолугушуу айыл чарба ишканаларынын өкүлдөрү, анын ичинде "Агросоода" долбоорунун өнөктөштөрү менен өттү. Жолугушууда долбоордун агрардык секторду өнүктүрүүдөгү ийгиликтери талкууланып, фермерлер үчүн инвестицияларга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, инфраструктураны жакшыртуу жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү маселелери көтөрүлдү.
Күндүн экинчи жарымында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов жана тиешелүү адистер менен жолукту. Талкуулоонун негизги темалары болуп инвестицияларды тартуудагы регионалдык артыкчылыктар, Регионалдык инвестициялык кеңешти (РИК) түзүү жана мамлекеттик органдар менен ишкерлердин ортосундагы кызматташууну жакшыртуу боюнча механизмдерди өнүктүрүү болду.
Айыл чарба өкүлдөрү менен жолугушууда "Агросоода" долбоорунун фермер чарбаларын өнүктүрүүдөгү оң таасири белгиленди. Фермерлерди каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана айыл чарба продукциясын сатуу үчүн жаңы рынокторду ачуу боюнча сунуштар берилди.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен болгон жолугушууда РИКти түзүү боюнча практикалык кадамдар талкууланып, жеке секторду диалогго тартуудагы Полномочный өкүлчүлүктүн колдоосу белгиленди. Ошондой эле, аймакта жаңы инвестициялык демилгелерди ишке киргизүү, инфраструктураны өнүктүрүү жана ишкерлер үчүн административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү сыяктуу артыкчылыктуу багыттар аныкталды.
Бул сапарлар Инвестициялык кеңештин катчылыгы, МЖӨ борбору жана БУУӨПтүн биргелешкен демилгесинин алкагында мамлекеттик-жеке диалогду күчөтүү жана аймактардагы МЖӨ долбоорлорун колдоо максатында уюштурулууда.