Аймактык мамлекеттик-жеке диалогду күчөтүү: Талас

Понедельник, 20 Январь 2025 10:12

2025-жылдын 19-30-январында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын кызматкерлери өлкөнүн аймактарына иш сапарларын уюштуруп, аймактардагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) диалогун күчөтүү боюнча комплекстүү чараларды талкуулап жатышат.

Иш сапардын алкагында Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев, ошондой эле катчылыктын эксперттери Бакытбек Самаков жана Азем Акматбек аймактардагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Иш сапардын негизги максаттары:

  • Инвестициялык кеңештин 2025-жылга карата иш программасын сунуштоо.
  • Аймактарда инвестицияларды тартуу жана МЖӨ долбоорлорун өнүктүрүү боюнча Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн пландары жана муктаждыктары менен таанышуу.
  • Региондук инвестициялык кеңештердин (РИК) 2025-жылга карата иш планын талкуулоо, анын ичинде жеке сектордун өкүлчүлүгүн камсыздоо, жыйындарды пландоо жана инвестициялык форумдарды өткөрүү.
  • МЖӨ долбоорлорун даярдоо потенциалын күчөтүү үчүн МЖӨ борбору менен кызматташуу.
  • РИК катчылыктарынын институционалдык өнүгүү жол картасын иштеп чыгуу, анын ичинде кеңсе жайларын баалоо, командаларды окутуу жана менторлук көрсөтүү.

Иш сапардын алгачкы этабы Талас шаарында өттү.

Катчылыктын командасы Талас облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Талант Эдилов, экономика жана аймакты комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Максат Байджигитов жана администрациянын башка тармактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Талас облусунда Региондук инвестициялык кеңешти (РИК) түзүү пландары жана анын катчылыгын күчөтүү боюнча институционалдык колдоо маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, катчылыктын командасы ЖИА бизнес-ассоциациясынын өкүлдөрү жана анын мүчөлөрү — жергиликтүү ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Талас облусунда ишкерликти жана инвестицияларды жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле аймактык бизнес-коомчулуктун актуалдуу маселелери талкууланды.

Жолугушуулардын жыйынтыктары:
Жолугушууларда аймактын инвестициялык климатын жакшыртуу жана мамлекеттик-жеке диалогду күчөтүү боюнча бир катар иш-чараларды ишке ашыруу боюнча макулдашуулар жетишилди. Региондун инвестициялык потенциалын картага түшүрүү, эл аралык инвестициялык форумду уюштуруу жана аймакта ишке ашырууга ылайыктуу инвестициялык жана МЖӨ долбоорлорун сунуштоо пландары белгиленди. Ошондой эле бул долбоорлордун эффективдүү ишке ашыруу жолдору талкууланды.

Бул сапарлар Инвестициялык кеңештин катчылыгы, МЖӨ борбору жана ПРООНдун биргелешкен демилгесинин алкагында мамлекеттик-жеке диалогду күчөтүү жана аймактардагы МЖӨ долбоорлорун колдоо максатында уюштурулууда.