Жашыл экономиканы өнүктүрүү жана климаттык туруктуулук боюнча долбоорлорду талкуулоо

17-январда Инвестициялык кеңештин катчылыгында жашыл экономиканы өнүктүрүү, климаттын өзгөрүшү айыл чарба жана чакан жана орто бизнеске (ЧОБ) тийгизген таасирин баалоо, ошондой эле адаптациялык чараларды иштеп чыгуу боюнча жолугушуу болуп өттү.

Талкууга Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев, катчылыктын адистери Азем Акматбек жана Чолпон Асакеева, “АгроВэй” уюмнун башкы директору Кайыркуль Казылаева жана айыл чарба жана Бизнес байланыш борборунун эксперти Азамат Мукашев катышты. Өзгөчө көңүл ЕРӨБ тарабынан каржыланган долбоордун жыйынтыктарын презентациялоого бурулду, анын алкагында 100 ЧОБ үчүн климаттык паспорттор иштелип чыккан.

Катышуучулар жашыл экономиканын алкагындагы жаңы долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн, климаттын өзгөрүшүнө шартталган чакырыктарга каршы чараларды иштеп чыгуу идеяларын талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгы ишке ашырылган долбоорлор тууралуу маалымат берүү, өнөктөштүк байланышты кеңейтүү жана климаттык өзгөрүүлөр боюнча Консультативдик топтун алкагында кызматташтыкты чыңдоо маанилүү экенин көрсөттү.