Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгы мамлекеттик органдар менен бизнес-коомчулуктун ортосунда конструктивдүү диалог түзүүгө көмөктөшүү иштерин улантууда. Бул кызматташтыктын натыйжалуу мисалдарынын бири болуп, Байланыш операторлору ассоциациясы тарабынан көтөрүлгөн "Бишкексвет" жана "Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканаларынын опораларын ижарага алуу тарифтерин жогорулатуу маселесинин чечилиши болду.
2024-жылдын 1-июлунда катчылыктын аянтчасында өткөн консультативдик жолугушууда тараптар өз позицияларын билдирип, биргелешип иштөө жолдорун макулдашты. Инвестициялык кеңештин катчылыгынын аянтчасында Байланыш операторлору ассоциациясы, Бишкек шаарынын мэриясы жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү кирген консультативдик топ түзүү чечими кабыл алынган. Бул комплекстүү талкууларды жүргүзүүгө жана бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алган өз ара макулдашылган чечимди табууга мүмкүндүк берди.
Жалпы аракеттердин аркасында опораларды ижарага алуу тарифтерин кайра карап чыгуу жана операторлор менен муниципалдык кызматтардын кызыкчылыктарынын балансын камсыз кылган кызматташуу механизмин макулдашуу мүмкүн болду.
Катчылык бардык катышуучуларга конструктивдүү мамилеси үчүн ыраазычылык билдирип, актуалдуу маселелерди чечүү жана Кыргыз Республикасындагы ишкерлик шарттарын жакшыртуу боюнча диалогду өнүктүрүү иштерин улантат.
						Кыргызча															
		
							English											
							Русский