Дареги: Бишкек шаары, Игембердиев к., 1а, Аврора бизнес борбору, 4-кабат, 410-кеңсе, тел.: 0312 963600, 0999 963600 office@investment.kg

Премьер-министр Сапар Исаков: Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү Банкы Кыргызстан үчүн маанилүү өнөктөш болуп кала берет

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 3-октябрда, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү Банкынын Борбор Азия боюнча директору Нил Маккейн менен жолукту.
Жолугушууда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана келечектеги кызматташунун багыттары тууралуу сөз болду.
Өкмөт башчы Нил Маккейнге Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, анын ишмердүүлүгү өлкө үчүн абдан манилүү экенин билдирди.
Сапар Исаков өзгөчө белгилегендей, «Жаңы доорго – кырк кадам» Өкмөттүк программасынын алкагында Өкмөт менен эл аралык уюмдардын ортосунда биргелешип ишке ашыра турган долбоор «Таза Коом» программасы экенин айтып, анын алкагында «Таза суу» ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу долбоору жана кайрак жерлерди ишке киргизүүчү «Ирригацияны өнүктүрүү» программалары бар экенин билдирди.
Буга байланыштуу ал Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү Банкынын колдоосу керек экенин айтып, аталган долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады.
Мындан сырткары Өкмөтү башчы Ош жана Бишкек шаарларында «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашырууну карап көрүүнү да айтып өттү.
Аны менен бирге Премьер-министр Сапар Исаков Өкмөт климаттык каржылоо боюнча долбоорду биргеликте ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.
«Аталган борбордун ишмердүүлүгү менин жеке көзөмөлүмдө болот. Биз сиздердин жардамыңыздар менен иштин эффективдүүлүгүн көтөрүүнү каалайбыз. Аны түзүүдө каржылык колдоо иштерин тездетүүнү айтар элем», – деди Сапар Исаков.
Нил Маккейн өлкөнүн Өкмөтү менен мындан ары кызматташууга Банк кызыкдар экенин билдирди.
Ал жолугушууда айтылган бардык маселелер Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү Банкынын жетекчилиги тарабынан карала турганын кошумчалады.
Мындан сырткары жолугушууда тараптар биринчи кезекте ишке ашырыла турган бирдиктүү долбоорлордун тизмесин түзүү боюнча талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү