Дареги: Бишкек шаары, Игембердиев к., 1а, Аврора бизнес борбору, 4-кабат, 410-кеңсе, тел.: 0312 963600, 0999 963600 office@investment.kg

Күн тартиби 2012-жылдын 21-декабры

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумунун
Күн тартиби

 

Отурумдун өткөрүү датасы жана убактысы:
2012-жылдын 21-декабры
13:00-15:00
Отурумдун өткөрүү орду:
КР Өкмөт Үйүнүн
Чарчы залы

1. 2012-жылдын 16-октябрындагы КР Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин тогузунчу отурумунун чечимдеринин аткарылышы жөнүндө
Баяндоочу: Кеңештин катчысы Т. Койчуманов.

2. Салыктык отчеттулуктун көйгөйлүү маселелери жөнүндө
Баяндоочу: Жеткирип берүүчүлөрдүн (өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун) ассоциациясынын президенти Г. Үскөнбаева. Комментарийлер: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы И. Масалиев, Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары А. Касымалиев.

3. Зергердик тармакты жана асыл металлдар рыногун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар жөнүндө
Баяндоочу: Кыргыз Республикасынын Зергерлер ассоциациясынын президенти Ч. Макешов.
Комментарий: КР Экономика министри Т. Сариев.

4. Жогорку технологиялар паркы жөнүндө
Баяндоочу: КР Транспорт жана коммуникациялар министри К. Султанов. Комментарий: Кыргызстандагы Программалык камсыз кылууну жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгаруучулардын ассоциациясынын төрагасы А. Абакиров

5. Ар кандай маселелер:
- Күрөөсүндө мурун улутташтырылган мүлкү бар коммерциялык банктардын көйгөйлүү маселелери жөнүндө
Баяндоочу: Кыргызстандын Банктар союзунун президенти А.Абдраев. Комментарийлер: КР Улуттук банкынын төрайымы З. Асанкожоева, КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы А. Осмоналиев.

- Тоо кен казып алуучу тармакта КНСти чегерүү маселеси боюнча салык кызматынын теңсиз мамилеси жөнүндө
Баяндоочу: Эл аралык ишкерлер кеңешинин Минералдык ресурстар боюнча комитетинин төрагасы Р. Ташиев.
Комментарийлер: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы И. Масалиев, Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары А. Касымалиев.