Дареги: Бишкек шаары, Игембердиев к., 1а, Аврора бизнес борбору, 4-кабат, 410-кеңсе, тел.: 0312 963600, 0999 963600 office@investment.kg

Күн тартиби 2011-жылдын 29-декабры

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумунун
Күн тартиби

 

Отурумдун өткөрүү датасы жана убактысы:
2011-жылдын 29-декабры
15:00-16:30
Отурумдун өткөрүү орду:
КР Өкмөт Үйүнүн
Чарчы залы

1. 2011-жылдын 22-сентябрындагы Кеңештин бешинчи отурумунун чечимдерин ишке ашыруу жөнүндө – Кеңештин катчысы Т. Койчуманов.

2. “Жогорку технологиялар паркы жөнүндө” КР Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө – Транспорт жана коммуникациялар министри К. Султанов, Кыргызстанда Программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгаруучулардын ассоциациясынын президенти В. Альбрехт.

3. Лицензиялоо-уруксат берүү чөйрөсүндөгү ишкерлик ишти жөнгө салуу ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруунун жүрүшү жөнүндө – КР Экономика жана монополияга каршы саясат министри Т. Сариев, Бишкектеги Ишкерлер клубунун аткаруучу директору У. Кыдырбаев, «Форсайт» комплекстүү изилдөөлөр фондунун директору, КР Премьер-министринин кеңешчиси Н. Ахметова.

4. Салык төлөөчүлөрдүн пайдасына чечим чыгарууну караган Салык кодексинин беренелерин бузуу жана башка укук колдонуучу практика жөнүндө – Салык консультанттар палатасынын төрайымы Т. Ким, Кыргызстандын Банктар союзунун президенти А. Абдраев.

5. 2012-2013-жылдарга Кеңештин Иш планын бекитүү жөнүндө - Кеңештин секретары Т. Койчуманов.