Камсыздандыруу рыногунун катышуучуларынын укуктарын коргоо маселелери

Инвестициялык кеңештин катчылыгынын кеңсесинде Кыргыз камсыздандыруучулар ассоциациясынын (камсыздандыруу уюмдарынын) мүчөлөрү менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, жана КР ЭКМге караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы.

Катышуучулар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 22.02.2024-жылдагы № 62-р буйругунун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 20.03.2024-жылдагы № 79 Жарлыгынын айрым ченемдери боюнча маселелерди талкуулашты. “Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы атаандаштыкты жана камсыздандыруу уюмун тандоо эркиндигин чектөөгө алып келиши мүмкүн.

Камсыздандыруу уюмдарынын өкүлдөрү Инвестициялык кеңештин катчылыгына жолугушууну уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, жаңы ченемдик укуктук актыларга байланыштуу камсыздандыруу сектору үчүн мүмкүн болуучу тобокелдиктер тууралуу суроолорду беришти. Алар камсыздандыруу рыногунун катышуучулары үчүн камсыздандыруу рыногуна жетүүдө адилеттик суроосу келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге тынчсызданып, ошондой эле мыйзамдарды кабыл алууда мамлекеттик органдар менен бизнес-коомчулуктун ортосундагы тыгыз өз ара аракеттенүүнүн (эффективдүү диалогдун) зарылчылыгы жөнүндө пикирлерин билдиришти. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кабыл алынган буйрук жана Жарлык, ошондой эле аны аткаруу максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору камсыздандыруу рыногунун катышуучуларынын укуктарына терс таасирин тийгизбей турганын билдиришти.

Талкуунун жыйынтыгында Кыргыз камсыздандыруучулар ассоциациясы ченемдик укуктук актылардан улам камсыздандыруу уюмдары үчүн мүмкүн болуучу каржылык жоготууларга талдоо жүргүзүп, зарыл болгон учурда жогорудагы өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын негиздеген расмий кайрылууну даярдоо чечими кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлиги жарлыкты аткаруу максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорун коомдук талкууга койгондон кийин Инвестициялык кеңештин катчылыгы менен бирдикте мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн камсыздандыруу рыногунун катышуучулары менен жумушчу жолугушууну уюштурат.