Регионалдык инвестициялык кеңештин отуруму «Мамлекеттик-жеке диалогду өнүктүрүү»

Урматтуу достор,
12-апрелде Ош шаарында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө караштуу Регионалдык инвестициялык кеңештин отуруму өтөт.
Иш-чаранын башкы максаты - мамлекеттик-жеке диалогду күчөтүү, салык системасындагы инновациялар жана региондордо мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) мүмкүнчүлүктөрү тууралу жеке секторду маалымдоо аркылуу региондун экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү.
Отурум, аймактагы бизнести өнүктүрүүгө багытталган салык системасындагы инновациялар жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн мүмкүнчүлүктөрү тууралу эң актуалдуу маселелерин талкулоо аянтчасына айлануусу күтүлүүдө.
Иш-чара Ош облусунун жана бүтүндөй өлкөбүздүн туруктуу экономикалык өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган мамлекеттик-жеке натыйжалуу диалогун өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болоору күтүлүүдө.
Уюштуруучулар - Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңеш, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы.
Катышуу үчүн төмөнкү шилтеме аркылуу катталууңуздарды суранабыз: https://forms.office.com/r/xQbCYZzp1H?origin=lprLink