Инвестициялык кеңештин катчылыгы консультациялык топторду түзөт

2024-жылдын 13-мартында Катчылыктын кеңсесинде мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун жана эксперттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган консультациялык топторду түзүү боюнча биринчи таанышуу жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу бизнес-ассоциациялардын жана эксперттерди чогултту жана гибрид форматында өттү, анда катышуучулар оффлайн жана онлайн катышышты.
Талкуу салык системасы, “жашыл экономиканын” принциптерин тармактык саясатка интеграциялоонун жана ЭТТН системасын өркүндөтүү маселелеринин тегерегинде жүргүзүлдү. Учурдагы процедураларга байланыштуу бизнес туш болгон кыйынчылыктар талкууланып, аларды чечүүнүн жолдору, анын ичинде бирдиктүү маалыматтык системаны түзүү зарылчылыгы сунушталды.
Жыйында ченемдик-укуктук чөйрөнү жакшыртуу боюнча бир катар сунуштар, анын ичинде санариптик эсепке өтүү учурунда бизнеске мунапыс жарыялоо жана кыргыз бизнесинин дүйнөлүк экономикага интеграциясын тездетүү үчүн улуттук стандарттарды эл аралык талаптарга шайкеш келтирүү зарылчылыгы белгиленди.
Бул жолугушуу пикир алмашуу жана өлкөдө жагымдуу бизнес чөйрөсүн түзүү боюнча конкреттүү кадамдарды иштеп чыгуу үчүн аянтча болуп, туруктуу экономикалык өсүшкө жана өнүгүүгө жетишүү үчүн бардык кызыкдар тараптардын биргелешип иштешинин маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Эскерте кетсек, жалпысынан беш консультациялык топ түзүлмөкчү:
✅ Инвестициялык климатты жакшыртуу, МЖӨ жана экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу
✅ Жашыл экономикага өтүү (климаттын өзгөрүшүнүн алдын алуу жана адаптациялоо)
✅ Чакан жана орто бизнести жана аялдардын ишкердигин өнүктүрүү
✅ Экономиканы санариптештирүү жана чыгармачыл тармактарды өнүктүрүү
✅ Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана экспорттук потенциалды жогорулатуу
Инвестициялык кеңештин катчылыгы бардык катышуучуларга жемиштүү диалог жана баалуу идеялар үчүн ыраазычылык билдирет. Жыйындын жыйынтыгы боюнча аныкталган көйгөйлөрдү чечүүгө жана сунушталган демилгелерди ишке ашырууга багытталган иш-чаралардын планы түзүлөт.