Инвестициялык кеңештин катчылыгынын командасы менен экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Эсенгелдиевич Асыкуловдун жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Талкуунун жүрүшүндө тараптар бизнес-ассоциациялар үчүн маанилүү маселелерди камтыган министрлик тарабынан кабыл алынган негизги демилгелерди жана мыйзам долбоорлорун активдүү талкуулашты.
Катчылык өлкөдөгү бизнес-чөйрөнү жакшыртууга багытталган натыйжалуу жана эффективдүү иштерди жүргүзүү үчүн бизнес-ассоциациялар менен диалогдук аянтчаны уюштурууга колдоо көрсөтүүгө жана керектүү жардамын көрсөтүүгө кызыкдар экендигин билдирди.